Саясий уюмдун шаардык бөлүмүндө «Сентябрь» телеканалынын чыгармачыл жамааты үчүн да бөлмө ажыратылган. Партиянын кеңсеси «Ата Мекендин» облус борборундагы таасирин күчөтүү жана саясий иш-чараларын жандандыруу, баштапкы уюмдарды уюштуруу, партияга мүчө болууну каалаган жарандарды өз катарына кабыл алуу иш-чараларын жүргүзмөкчү. Бөүмдүн төрагасы Ильич Нарматовдун айтымында партияга өтүүнү каалаган ондогон адамдардан арыз түшкөн, шаарда партиянын 70, облуста 2 минден ашык мүчөсү бар. Партиянын облустук бөлүмү Базаркоргон районунда жайгашкан. Бөлүм жакында депутат Ө.Текебаевдин №26- «Акман» шайлоо округундагы шайлоочулары менен жолугушууларды уюштурган жатат.(YA)