Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

БУШТУН ИРАК БОЮНЧА ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯСЫ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Буш өзүнүн Ирактагы саясатына өзгөртүүлөрдү киргизгени жатат. Анын администрациясынан тараган маалыматка караганда, ал өзгөрүүлөр эң оболу Американын Иракта иштеген аткаминерлерин алмаштыруу менен башталат. Президент Буш Ирактагы жаңы саясаты тууралуу келээрки жумада билдирүү жасайт.

Массалык маалымат каражаттары Буштун Ирактагы саясатында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу көптөгөн божомолдорду жасашууда. Алардын көбү эми Ирак мамлекетине азыркыдан да көбүрөөк аскерлер жиберилет деп жазып чыгышты.

- Мен келээрки жумада Ирак калкынын турмушун жакшыртууну көздөгөн жаңы стратегияны коомчулукка алып чыгам.Бул маселенин үстүндө учурда иш журуп жатат.Мен биз өз максатыбызга жетебиз деген тилектемин,- деди Жорж Буш өзүнүн Ирактагы саясаты тууралуу.

Учурда Ирактагы абалды жакшыртуу үчүн АКШ тарабынан 21 миллиард доллар каражат бөлүнгөн.Бул акча согуштун айынан талкаланган суу түтүктөрүн, электр тармагын оңдоого жумшалмакчы.

Мындан тышкары Ирактагы саясаттын негизги өзгөрүүлөрү - кадр маселеси.Буш Ирак үчүн жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди алмаштырганы жатат.

Мисалы, президент Ирак маселесин ийне жибине чейин билген, АКШнын Багдаддагы биринчи элчиси болгон Джордж Негропонтаны башка кызматка которуп, ал эми учурда Ирактагы элчи Залмай Калилзадды АКШнын БУУдагы элчиси кылып дайындамакчы.

Ошондой эле Ирактагы Америка аскерлеринин башкы генералы Дэвид Петраеус башка генерал Джордж Кейси менен алмашылганы жатат.

Ал эми президенттин мындай кадамдары Когресстин колдоосуна ээ болоору азырынча будөмүк.

Конгресс башчысы Нелси Пелози буларды айтат:

- 2006-жылдагы шайлоолор бийлик бутактарындагы өзгөрүүлөрго болгон чакырык эле. Бул, өкмөткө эмес, эң алгач өлкө башчысы жүргүзгөн саясатка тиешелүү. Америка калкы Ирактагы абал тууралуу толук,так маалымат алуусу керек.

Конгресстин мүчөлөрү Буштун идеяларына кандай жооп кылаары көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Андыктан эмки жумада көптөрдүн көнүлү Америка Конгрессине бурулаары турган иш.

XS
SM
MD
LG