Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

ДЕМОКРАТТАР БУШТУ ИРАКТАГЫ СОГУШТУ КҮЧӨТПӨӨГӨ ЧАКЫРЫШАТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Президент Буш Конгресстин каршылыгына карабастан Ирактагы согушту улантабы же демократтар аны аскердин санын азайтууга мажбур кылышабы?

Ушул жума ичи Жорж Буш АКШнын Ирактагы жаны стратегиясын жар салыш керек. Ага даярдык катары Президент Ирактагы башкы аскер жетекчилерин алмаштырды. Эми Буш Иракка кошумча аскер жибериши күтүлүүдө, бирок АКШ Конгрессинде көпчүлүк болгон демократтар Жакынкы Чыгыштагы согуштун күч алуусуна жол бербестигин билдиришкен. Буштун администрациясынын планын четке кагыш үчүн Демократтар ага альтернативдүү план сунушташты.

АКШ Конгрессинин Эл аралык мамилелер Комитетинин төрагасы Жозеф Байден жекшемби күнү теледен сүйлөп, АКШнын согуш саясатын кескин сынга алды. Багдаддагы АКШ аскери соңку жыл ичи эле 2 жолу көбөйтүлдү, бирок бул эч пайдасын алып келген жок. Андыктан, конгрессмендин пикиринде, аскерий чечим кабыл алуунун алдында саясий чечим кабыл алыныш керек.



АКШ Конгрессинин Эл аралык мамилелер Комитетинин төрагасы Жозеф Байден

Демократтар, жалпысынан, ушундай эле көз карашта. АКШ Конгрессинде көпчүлүк болгон соң, алар Президентке кайрылуу жолдошту. Бул кайрылууну 5-январь күнү Эл өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси менен АКШ Сенатынын Көпчүлүк лидери Гарри Рейд кат түрүндө Президент Бушка жиберишти. Анда 4-6 айдын ичинде АКШ аскерин Ирактан чыгарууну баштоо сунушталган.

Бул сунуш – Буш жар салат деп күтүлгөн стратегиянын тескериси. Ал Ирактагы АКШ аскеринин санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү жана Ирактын экономикасына дагы 1 миллиард доллар бөлүүнү сунуштамакчы эле.

Пелоси жана Рейд сунушутаган аракеттер айрым Республикачыл конгрессмендердин колдоосуна да ээ. Демократтардын жасаган аракеттери жакшы уюшулган оппозициянын кадамы катары көрүнсө да, иш жүзүндө алардын мүмкүнчүлүгү чектелген. Бүгүнкү күнү демократтар бийлеп жаткан Конгресстин колунан келген жалгыз нерсе - Ирактагы АКШ аскеринин каржылоосун кыскартуу.

Нэнси Пелоси жекшемби күнү теледен билдиргенине караганда, Эл өкүлдөр палатасы Президенттик администрация Ирактагы иш-чараларга сураган каражаттын сарпталышын дыкат текшерет. Пелоси, ошондой эле, Ирактагы АКШ аскеринин учурдагы керектөөлөрүнө каралган каражат менен анын чоңойтуусуна каралган акчаны даана-даана бөлүп көрсөтүүнү күтөөрүн билдирди.

Кыскача түшүндүрө кетсек. Эгер Конгресс такыр акча бербей койсо, азыр Иракта кызмат өтөп жаткан америкалык жоокерлер жабыркап калышы мүмкүн, андыктан демократтар учурда Ирактагы жоокерлердин керектөөсүн канааттандырат. Ошол эле кезде, алар Ирактагы америкалык жоокерлердин санын көбөйтпөгөнгө аракет кылышат.

Сенатор Байден айткандай, иш-жүзүндө согуш аракеттерин өзгөртүү үчүн Конгресстин мүмкүнчүлүгү деле жок. Сенаттагы республикачылдардын лидери Митч МакКонел бул пикир менен толук макул:

- Согуштун жүрүшүн өзгөртүүгө АКШ Конгрессинин укугу чектелген. Ашып кетсе, Конгресс Ирактагы америкалык аскерди каржылоону токтотушу мүмкүн, бирок, менимче, ал буга барбайт. Андан сырткары, резолюция кабыл алышыбыз мумкүн; атайын Конгресстик угууларды уюштурушубуз мумкүн; ортого салып, пикир алмашышыбыз мүмкүн – муну кылат болушубуз керек. Мындан тышкары согуштун жүрүшүнө кийлигише албайбыз го. Анын кереги да жок.



Сенаттагы республикачылдардын лидери Митч МакКонел

АКШнын Ирактагы стратегиясы кандай болоорун Буш өзү аныктайт. Бул анын укугу жана милдети. Көзгө көрүнөөрлүк негизги өзгөрүш – эми Демократтар баш болгон Конгресс Президенттик администрациянын ар бир кадамын текшерип турат. Эгер мурда Буштун жаңылыштыгын республикачылдар бирге жашыра алса, эми Буштун ар бир жаңылыштыгы элге кеңири маалымдалып, демократтарга кошумча упай болуп турат.

Буштун 2 президенттик мөөнөтү ичиндеги негизги саясат дал ушул Ирак согушуна байланыштуу. Андыктан демократтар аны чоң жаңылыштык катары көрсөтүү үчүн болгон күчүн жумшайт. Бул маселе 2 жылдан соң болуучу президенттик шайлоодо эң чоң роль ойнойт.

XS
SM
MD
LG