Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ МОСКВАДА КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРДЫН АБАЛЫН ТАЛКУУЛАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 15-январдан тарта Москвада үч күндүк иш-сапар менен болду. Министр өткөн түнү кайра Бишкекке кайтты. Москвада министр өзүнүн орусиялык кесиптеши Сергей Лавров, Мамдума жетекчилиги, Москва шаардык өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Талкууларда негизги көңүл Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын маселесине коюлганы айтылып жатат. Кечээ түштө министр Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушту.

15-январдан бери Орусиядагы чет-элдик мигранттар эми кантип иштээрин билбей, айласы кетип турушат. Анын аралыгында «Кыргызстандан министр Жекшенкулов келип, кыргыз мигранттарынын абалын орус бийликтери менен талкуулап жатыптыр» деген кабар Москвадагы кыргыз мигранттарынын арасында тез эле таркап кетти.

Бул күнү Москвадагы кыргыз элчилигинин имаратына келгендер да эми орус жергесинде кантип иштеп, кантип жашашты министрдин өзүнөн уксак деген ниетти көздөшкөнүн айтышты.

Жолугушууда алгач Кыргызстандын миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетинин Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотов чогулгандарга жаңы мыйзамдар боюнча кантип каттоодон өтүп, кантип жумушка орношуш үчүн «карточканы» алууга болоорун түшүндүрүп берди.

Андан ары сөздү үч күндөн бери Москвада жүргөн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов алып, бул жакта соңку күндөрү ал орус бийликтери менен дал ушул кыргыз мигранттарына тиешелүү проблемаларды талкуулаганын кабарлады.

- Сүйлөшүүлөрдө, эң оболу, кош-жарандык маселесин көтөрдүк, бирок бул абдан татаал маселе. Менин коллегам Сергей Лавров (Орусиянын Тышкы иштер министри – атвор.) муну «кыйын маселе» деп айтты, бирок биздин мамлекеттер менен түзүлгөн мамилелерди эске алып, азыртадан сүйлөшүүлөрдү баштасак болоорун билдирди. Мен Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин эле өзүбүздүн эксперттерге тапшырма бердим, кош атуулдук мыйзамы боюнча долбоорду иштеп туруп, анан аны Орусияга жиберебиз. Эң негизги жакшы жагы – Орусия биздин суранычты четке каккан жок.

Министр Жекшенкуловдун айтымында, Кыргызстан азыр Орусиядан кыргыз мигранттары үчүн 500 миң жумуш орунун берүүнү суранып жатат. Ошондой эле, быйыл орус президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келип калышы да мүмкүн экени айтылды.

- Буга чейин Курманбек Салиевич орус президенти В.Путинге кат жазган. Анда «кыргыз мигранттарына 500 миң орун берсеңиздер» деген өтүнүч айтылган болчу. Ал боюнча маселе азыр каралып жатат. Бул суроону кечээ мен орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү учурунда да көтөрдүм. Менимче, муну жазга чейин дагы такташ керек. Мен Лавровду жазында Кыргызстанга чакырдым. Президент В.Путин болсо ушул жылы жайында Кыргызстанга келет, буюрса. Биздин президент К.Бакиев менен орус президент В.Путин 1-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн эле. Ошондо Бакиев Путинде Кыргызстанга чакырган. Мен эми аны кат түрүндө алып келип тапшырдым, негизинен, орус президентинин макулдугун алдык. Менин оюмча, ушул чаралардын баары – бул жакта сиздердин абалды, сиздердин турмушту жеңилдетет, - деди Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Жолугушууга келгендердин арасында базарларда иштеген кыргыз мигранттары да бар эле. Алардын ичинде Москвадагы «Строгино» курулуш-материалдар базарында сатуучу болуп иштеген Ашырбек Атабаевди сөзгө тарттым.

- «Строгинодо» азыр 500 ашуун кыргызстандык жаран иштейт.

«Азаттык»: 15-январдан кийин, Орусияда жаңы мыйзамдан күчүнө киргенден кийин, «Строгинодо» кыргызстандык мигранттар жумушка чыгыштыбы?

- Биз 15-январдан бери үзгүлтүксүз эле иштеп келгенбиз. Бирок бүгүн эрте менен бизге базардын кожоюндары телефон чалып, бүгүн-эртең жумушка чыкпай турушубузду суранышты. Анан кайра жумушту уланта бересиңер деп айтышты.

«Азаттык»: Сиздердин базарда азыр 500 адам болсо, чынында эле, көп экенсиздер. Азыр эми жаңы миграциялык эрежелер киргенден кийин эмне кылалы деп жатасыздар? Эл эмне деп жатат?

- Кайсыл жерде жашасак, ошол өлкөнүн мыйзамын сыйлашыбыз керек. Биз буга чейин так маалымат ала албай жатканбыз. Орусиялык маалымат каражаттары утуру эле кабар айтып, бирок эч жерден кеңири кабар ала албай койгонбуз. Мына, бүгүн толук маалымат ала алдык. Эми калганын өзүбүз чуркап бүтүрөбүз деген ой бар, - дейт Москвадагы «Строгино» деген чоң базарлардын биринде сатуучулук кылган кыргызстандык Ашырбек Атабаев.

Ал деле жакында орус жарандыгын алыш үчүн бүт тийиштүү документтерин тапшырыптыр. «Буюрса, ушу январдын ичинде паспорт колума тийип калышы керек», - деди Ашырбек Атабаев.

XS
SM
MD
LG