Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

7:10 Кыргыз-тажик коопсуздук кеңештеринин катчылары жолугушту


Осмонаалы Гуронов менен Амиркул Азимов баштаган топтор кечээ кечинде Тажикстандын Исфара шаарында жолугушту. Анда Баткен губернатору менен тажик чек арачыларынын ортосундагы окуя боюнча сөз болуп, кыргыз тарап бул окуяга себеп болгон Сурх чек ара көзөмөлүн алып салуу талабын койду. Тараптар бири-бирине дооматтарын айтып, талашып тартышкан соң, эки элдин ынтымагына доо кетирчү мындай окуяларды болтурбоо жана алдын алуу аракеттерин биргелешип көрүү тууралуу макулдашышты. 9-январда чек ара аймагында Баткен облусунун башчысынын автоунаасын токтоткон тажик чек арачылары губернатор Султанбай Айжигитовго курал кезешкен болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG