Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: ЖЕКЕ ТААРЫНЫЧТАРДЫ ТАШТАЙЛЫ


(18-январда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

Урматтуу төрага! Урматтуу Феликс Шаршенбаевич! Менин коллегам Мурат Жураевдин логикасына салсак, атминерлер адам эмес экен. Жеген, ичкендерди Кыргызстандан колу-бутун кескилеп отурсак, Акүй менен көк үйдө 30-40 пайыз гана атка минерлер калат болуш керек. Баары мунжу болуп калышат.

Феликс Шаршенбаевич, мен көп эле суроону берейин дегемин. Мен чолуп-чолуп гана оюмду айтайын. Анткени, мамлекеттин, өкмөттүн жоопкерчилиги, практикалык иш менен жигердүү болсо да, ошол эле Баткен, Кочкордогу жер титирөөдө, Сауд Арабиясынан келе жаткандан биздин атуулдар каза тапканда, өзбек туугандар газды кымбаттатканда, биздин казынанын канчалык жүк алгандыгы, кечээ окуп калдым, Бишкек шаардын ансыз деле каражаты жете албай жаткан жагдайда биздин Каржы министрлиги ошол жакка дагы көз артып жаткандыгы жөнүндө окуп калдым. Аны майдалап айткым келбейт. Мен башка нерсени айткым келет. Депутаттар көп суроого жооп алышты деп ойлойм.

Ноябрда биз кыйкырып турдук. “Бакиев кетсин” , “Кулов кетсин” деп. Кетпей койдуңар. “Өзүңөр кеткиле” деп парламентти айттыңар, биз кетпей койдук. Анан бүгүнкү кырдаалда мен ойлоп атам, азыр жеке таарынычтардын бардыгын таштап, мен палатадагы коллегаларымдын ичинен андай мындай, көшөгө артында оюндарды, сөздөрдү угуп атам “Куловду бүгүн кулатып салабыз” деген. Мен коллегаларыма кайрылат элем, бүгүнкү стабилдүүлүктү ойлосоңор, президент менен аткаруу бийлиги менен, сот бийлиги менен бүгүнкү саясий кырдаалды, элдин эртеңкисин ойлосоңор, ошондой интригага барбай эле, Феликс Шаршенбаевичти колдоп коюшуңарды мен суранам. Ырахмат.

XS
SM
MD
LG