Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

КОШ АТУУЛДУК КАНТИП ИШКЕ АШАТ?


Башмыйзамдын жаңы редакциясы менен Кыргызстандын кыргыз жарандары кош атуулдук алуу укугуна ээ болушту. Буга ылайык, Кыргызстанда төрөлбөгөн чет элдик кыргыздар да Кыргызстандын атуулу боло алышат. Ал эми ушул тапта башка мамлекеттин атуулдугун алууну каалаган кыргыздарга Кыргызстандын атуулдугунан чыкпай туруп, башка атуулдукту алууга мүмкүнчүлүк болмокчу.

Адилет министри Марат Кайыпов кош атуулдукка ээ болуу укугу Кыргызстандын кыргыз улутундагы гана жарандарына тиешелүү экендиги тууралуу Башмыйзамда жазылган дейт. Анын айтуусунда кыргыз улутундагы элдин мамлекети болуп эсептелгендиги үчүн Кыргызстан этникалык кыргыздар тууралуу кам көрүүгө тийиш.

Кош атуулдукка көп мамлекеттерде тыюу салынган. Алардын ичинде коңшулаш Казакстан да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун айтуусунда Кыргызстан кыргыз улутундагы атуулдарды алар атуул болуп саналган мамлекеттин эркинен тышкары тааный берет. Ал эми Орусия кош атуулдукка уруксат берген өлкөлөрдүн катарына кирет.

Кыргызстандын миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын атуулдугунан чыгып, Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттердин атуулдугун кабыл алган кыргыздардын саны отуз миңден ашты. Мында өзгөчө Орусия атуулдугун кабыл алгандар басымдуулук кылат. Буга чейин мыйзам боюнча башка мамлекеттин атуулдугуна өтүү үчүн алгач Кыргызстандын атуулдугунан чыгуу зарылчылыгы бар болчу. Мындай учурда Кыргызстандын атуулдугунан чыккандар өлкөгө байланыштуу саясий-экономикалык процесстерге катышууга укуксуз эле.

Өткөн жылы кыргыз атуулдуугунан чыгып, Орусия атуулдугун кабыл алган Кыргызстандык ишкер Замирбек Орозбаев кыргыз атуулу катары өлкө тагдырына байланыштуу түрдүү саясий процесстерге катышып, шайлоолордо добушун берүүнү кааларын билдирди:

-Биз Кыргызстандан алыста жүрсөк да, туулуп-өскөн жерибиз биз үчүн ыйык. Ошондуктан, өлкөнүн саясий-экономикалык абалы бизди да кызыктырат, колубуздан келген жардамыбызды аянбайт элек.

Жаңы Башмыйзам боюнча Замирбек Орозбаев сыяктуу буга чейин Орусия жарандыгын кабыл алуу үчүн кыргыз жарандыгынан чыгууга аргасыз болгон кыргыздар кайрадан Кыргызстандын жарандыгын алуу укугуна ээ болуп калышты. Ал эми мындан ары да башка мамлекеттин жарандыгына өтүүнү каалаган кыргыздар үчүн эми Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, убара болуунун кереги жок дейт адилет министри:

-Мындан ары андай тоскоолдуктар алынды. Кимде-ким башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алгысы келсе да, ал Кыргызстандын жараны болуп кала берет.

Адилет министри Марат Кайыповдун айтуусунда Кыргызстандын Башмыйзамына киргизилген кош жарандуулук укугу эл аралык мыйзамдарга туура келет жана дүйнө жүзүндөгү бир нече өлкөлөр өз жарандары үчүн мындай укукту пайдаланып келишет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG