Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

10:30 А.Бекназаров: Парламентте өтпөй калган талапкер кайрадан көрсөтүлбөйт


Кечээ парламентте премьер-министрлик кызматка Ф.Куловдун талапкерлиги өтпөй калгандан кийин, биздин эле массалык маалымат каражаттарында Феликс Шаршембаевичтин “ мен президент менен сүйлөшүп алгам, мени өткөрмөйүнчө кайра-кайра парламентке сунуштай берет”- дегени, айрым адамдардын “керек болсо президент парламентти таратканга чейин алып келет,”-дегени мени түйшөлтүп атат. Эмне үчүн дегенде, дүйнөлүк аренада “Кыргызстанда Конституция, мыйзам иштебей эле, эки адам эмне деп сүйлөшсө ошондой боло берет”,-дегендей имиш кептер кетип атат. Ошондуктан президенттин абройуна, мамлекеттин абройуна доо кетүүдө. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө, өкмөт жөнүндө мыйзамда так жазылган. Эми башка талапкер көрсөтүлүшү керек. Ошондуктан “тиешелүү комитетке кечээги маселе боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, мыйзамдарды так түшүндүрүп берүүсүнө көрсөтмө берип койсоңуз”,- деп депутат Азимбек Бекназаров бүгүн парламент отурумунда спикер Марат Султановго кайрылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG