Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

УЕФАны биринчи жолу накта футболчу жетектейт


Франциялык атактуу футболчу Мишель Платини Европанын биргелешкен футбол ассоциациясы- УЕФАнын төрагасы болуп шайланды. Платини УЕФАга мүчө өлкөлөрдүн футбол ассоциацияларын курултайында 27 добуш, ал эми уюшманын учурдагы төрагасы, 77 жаштагы Леннарт Юхансон 23 добуш алды. Юхансон жалпы европалык футболду жетектөөчү уюмду 1990-жылдан тартып башкарып келди. 51 жаштагы Платини эл аралык футбол администрациясында мындай жогорку кызматка шайланган биринчи футболчу. Ал үч жолу Европанын мыкты футболчусу деп таанылган.

Амирбек Усманов, Прага

XS
SM
MD
LG