Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

14:00 Феликс Куловдун жердештери Куловду коргоо боюнча комитетти жандандырышты


Феликс Куловдун өкмөт башчылык кызматка бекитилбей калуусуна байланыштуу анын туулуп-өскөн жери Байтик айлынын тургундары Феликс Куловду коргоо комитетин кайра жандандырышты. Комитет мүчөлөрү өткөн жылкы президенттик шайлоодо көпчүлүк эл Бакиев үчүн эмес, тандем үчүн добуш беришкендигин билдиришүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган комитеттин мүчөсү Акгүл Төрөкулова билдирип, Феликс Кулов президентке алданып калды деген сөзүн айтты:

-Тандемге ишенген биздин айылдын эли өткөн жылы президенттик шайлоодо Бакиевге эмес, жүз пайыз Куловго добуш бергенбиз. Ага өкмөт башчы болуп иштеп турганда да кеңири иштегенге мүмкүнчүлүк берилген жок. Президент өзү дирижер болуп алды да, аны саясий оюндан чыгарып жиберди.

XS
SM
MD
LG