Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн айдын соңундагы жер титирөөдөн облус аймагында 35 үй катуу жапа чегип, алардын 13ү кайра калыбына келтирүүгө болбой турган абалда. Мындан сырткары 2 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси да зыянга дуушар болгон. 31-январда облус аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталган. (SM)