Кечээ Иракта болгон кагылышуулардан он бир адамдын каны төгүлдү
Кечээ Иракта болгон кагылышуулардан он бир адамдын каны төгүлдү
Багдаддын Түндүк Батышында тик учак кыйрап, жети америкалык жоокер курман болду. Польшанын Коргоо министрлиги бир жоокери минага кабылып каза тапканын маалымдады. 6-февралда Анбар шаарында америкалык жоокер өлгөнү кабарланды.