Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

МОХСЕН САЗЕГАРА: АЗЫРКЫ ИРАН БИЙЛИГИНИН ОППОНЕНТИМИН


Баян Жумакадыр кызы, Прага 11-февралда Иранда Исламдык Революциянын 28 жылдыгы белгиленет. 1979- жыл ирандыктардын бир бөлүгү үчүн Шахтын диктотордук бийлигинин кулашынын, Иранда исламдык республиканын негизделишинин датасы, башкалары үчүн бул ишке ашпай калган үмүт-тилектердин жылы.

Мохсен Сазегара шахтын диктатордук жеке бийлигине каршы чыккан, Иранда жаңы бийликтин орноосун колдогон жаштардын бири катары ошол кезде чет элде жашоого мажбур болгон диний лидер аятолла Рухоллах Хомейнинин тарапкери болгон. 1970-жылдарда Cазегара АКШдагы окуусун таштап, Парижде Хомейнинин кеңсесинде иштей баштаган. 1979-жылы 22 жаштагы Сазегара Хомейни менен бирге Иранга кайтып келип, революцияга катышкан.

1979-жылы Иранда Конституция кабыл алынып, 1-апрелде Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. Ал күндөр батышчыл монархяны кулатууну самаган адамдарды көптөн үмүт кылдырган эле. Бирок, баш мыйзам боюнча бийлик эл шайлаган өкүлдөргө эмес, бир ууч диний лидерлердин колуна өткөн. Аялдар бети менен колунан башка жерлерин кара хиджаб менен жаап жүрүүгө милдеттендирилген.

Революциядан кийинки убакта парламенттин калыптануусуна жана мамлекеттик радиоканалдардын ишин жөнгө салууга катышкан Сазегара убада кылынган эркиндиктер менен адилеттүүлүк орнобогонун көрдү. Ал бийлик Революциянын сакчылар кеңешине ыйгарылганына нааразы болуп, анын адилеттүү башкара аларынан күмөн кыла баштаган.

-Баары 1985-жылы мен Революциялык сакчылар кеңеши менен бюджет тууралуу келише албагандан башталган. Мен ошол кездеги оор өнөр жай министрине кат жазып, бул кеңештин жүрүм- турумун катуу сынга алганмын, -дейт Сазегара.

Бирок анын исламдык режимге карата пикиринин толук калыптануусуна Ирандагы атактуу Евин түрмөсү себеп болду. Өлкө мыйзамдарына каршы келген аракеттери үчүн түрмөгө кесилген Сазегара адамдарга кордук көрсөтүлүп жатканын көрүп, өлкөдө бийлик болгону бир канкор режимден экинчисине өткөнүн түшүнгөн.

-Мен ал жерден ойго келбеген нерселерди көрдүм. Мушташты, жаман сөздөрдү айтып урушканды, сөгүшкөндү көрдүм. Туткундардын келтек жеп атканын көрбөгөнүм менен бир кыздын тергөөчүгө мындан аркы кыйноолорго чыдай албайм, деп айткандарын уктум,-дейт Сазегара.

Түрмөдө эмне болуп жатканын көрүп чыккан Сазегара бул жөнүндө Аятолла Хомейниге айтып, эгерде түрмө башчысынын бул кылгандары менен макул болбосо ага каршы чара көрүүсүн талап кылган. Андан натыйжа чыкпаган соң Сазегара Исламдык Революциянын маани-маңызын дагы бир жолу талдап, аны менен жолу айрылыш боло турганын чечкен. АКШда жашап жаткан Сазегара өзүн азыркы режимдин оппонентимин деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG