Кыргызстандын Түштүк Кореядагы өкүлчүлүгү тараткан маалымат боюнча, 22-февралда аталган мамлекеттин өкмөтү ушундай чечим кабыл алган. Ал чечимге ылайык, кыргызстандыктар 2007-жылдын экинчи жарымынан тартып мыйзамдуу жол менен Түштүк Кореяга барып иштеп келе алат. (EBM)