Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

7:00 Феликс Куловдун жогорку бийликтеги коррупция тууралуу билдирүүсү парламентте эмки дүйшөмбүдө талкууланышы мүмкүн


Айрым депутаттар эл өкүлдөрү округдарынан кайтып келген соң бул маселени сөзсүз козгошоорун, ал боюнча Феликс Куловду, Данияр Үсөновду жана баш прокурорду жыйынга чакыруу зарылдыгын белгилешүүдө. Феликс Кулов «Дело №» гезитинин эки күн мурдагы санына жарыяланган маегинде Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министр кызматына жетүү үчүн 300 миң доллар cарптаганын айткан. Данияр Үсөнов болсо Феликс Куловдун аны айыптаган маеги менен азырынча тааныша электигин кечээ «Азаттыкка» билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG