Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:21

10:40 «Асаба» партиясы кезектеги курултайын Ошто өткөрөт


Партия төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, партия өзүнүн кечээки пленумунда курултайды 28-апрелге белгиледи. Пленум ошондой эле Аксы окуясынын беш жылдыгын белгилөө маселесин да талкуулады. Бул күн адаттагыдай эле 17-мартта Аксыда белгиленет. Ага саясий, коодмук уюмдардын өкүлдөрүнөн, саясатчылардан тышкары баш прокурор Камбараалы Конгантиев, ошол кездеги облус губернатору Султан Урманаев барып, элге отчет берери күтүлүүдө. Президент Курманбек Бакиев Аксыдагы митингге катышууга барар-барбасын айта элек деп билдирди партия лидери. (BuS)

XS
SM
MD
LG