Негизи малдын кыгынан, чөп-чардын чириндисинен, атүгүл таштандылардан биогаз алуунун дүйнөдө 70 ашуун ыкмасы бар. Чириндиден бөлүнүп чыккан биогаздын пайдасын кытайлар кыйладан бери эле колдонуп келатышат. Ал эми Батыш Европада биогаз менен ири фермаларды гана жылытпастан, машинелерди жүргүзүп, газ бөлүп чыгарчу органикалык заттарды текке кетирбөөнүн амалына алдакачан өтүп алышкан. Жаңылыкка өч Кытайда ушу тапта 18 миллион ашуун айыл дыйкандары биогз жагып, отун-суу маселесин оңуна чечишкен. Даниянын жалпы энергобалансынын 18% биогаз ээлейт. Иши кылып, өкмөт менен ишкерлердин ыктуу аракетинин аркасында биогаз пайдалануу жылдан-жылга өөрчүп, энергиянын жаңы булактарын табуу аракети арбып баратат.
Кайриет, Кыргызстанда да биогаз, күн менен шамалдын энергиясын пайдалануу аракети жасалып, атайын илимий борбор түзүлүп, жаңы технологияларды жайылтуу аракеттери жасалган. Бирок да, күн нурун, шамал күчүн, чириндиден чыкчу газды пайдалануунун ыкмасы калк арасына кенен жайылбай, көпчүлүктүн көңүлүн бурган жаңылыкка айланбай келатат.
- Жабдуусун орнотуш үчүн эле 70 – 80 миң доллар талап кылынат экен. Бул 1,5 миңден ашуун доллар. Анан баасын уккандан кийин эле эл качат. Анан да эл биогаз эмне экенинен кабарсыз калыптыр. Мен жакында Көл менен Ош тарапта болдум. Ал жердеги эл менен сүйлөшкөндө биогазга кызыкканын байкадым. Бирок да көз менен көрбөгөндөн кийин алардын ынанышы кыйын экен. Алардын ичинен чанда бирөөлөрү эле кызыкпаса, калганынын иши жок. Мына, Ысыккөл облусунда болгону 12 биогаз системасы орноштурулуптур. Нарында ал жокко эсе экен. Түштүктө бирин-серин аз, Чүйдө деле ошондой, орнотулганы саналуу гана. Бир айылда, маселен, биогаз коюлуп калса, аны кошуналары көрүп, калгандары аракет кылып, жайылгыдай. Ал эми такыр жок айылда биогаз менен эч кимдин иши деле болбочудай,- дейт журналист Мери Бекешова.
Антсе да көпчүлүк арасынан жаңылыкка кызыгып, колу усулдуу усталардын жардамы менен өз алдынча биогаз жабдууларын орнотуп алган адамдар деле биртоп. Ошолордун бири Жетиөгүз районундагы Тамга айылынын жашоочусу Ильяс Ботолаев. Ал биогаз үй жылытууга, тамак бышырууга колдонууда.
- Үй жылытып атабыз, тамак бышырып жатабыз, кемегеге да газды алып барып койгонбуз. Бардык жылытуу иштери газ менен,- дейт И.Ботолаев.
Жаңы жабдууларды жасап орнотуунун жалпы баасы И.Ботолаевдин айтуусунда, 70 – 80 миң сомго түшкөн. Мынчалык кымбатбаа жабдуунун качан өзүн-өзү актаарына анын кызыккан деле жери жок. Негизи үйү жылуу, тамак-ашын бышырыш үчүн жыгач отун издеп, көмүр жагат элем деп убара болмой түйшүгүнөн кутулган. Айылдык фермер үчүн үйүнөн чыккан «көгүлтүр отундан» да баалуу нерсе - талаага чачылчу жер семирткич, биогаз алууда иштелип чыккан көң болууда.
- Баарынан пайдалуусу – чыккан жер семирткичтер болууда. Kурамында азот 40%, калий да бар экен. Эми күткөнүбүз – түшүм көбөйсө, кеткен чыгымдардын акталганы ошол.
Ал эми биогаз алуунун технологиясы бир караган адамга жөнөкөйдөй эле көрүнүшү мүмкүн. Казылган чуңкурга кык төгүлчү атайын темир жабдуу орнотулуп, ага малдын кыгы салынып, үстүнө суу куюлат.
- Анан ошондо ачытылып, газ чыгат. Кадим кыргыздын бозосундай көбүрүп ачып, ал жерден газ бөлүнүп чыгат. Мына, тетиги тереңде турган цистернада ачыйт. Мынабу жерде газ чогулткуч турат. Ошол жерге чогулган газ өзүнчө куур менен бул жерге чогултулат да, андан компрессорго агып келет. Компрессор газды өйдө айдайт. Андан өйдө жактагы дагы бир жерге чогултулат да куур менен үйгө келет.
Айылдык фермердин уулу Таалай эми 15 – 20 кубометрлик жабдуу орнотуп, биогаз менен кышкысын жашылча-жемиш өстүрүүнү ойлонууда.
- Теплица куруп ал жерде козу карын, анан помидор, бадыраң өстүрсөкпү деген оюбуз бар. Ойлорубуз бар. Буга кызыккандар көп.
Көл кылаасында биогаз жабдууларын орнотуу иштери чет элдик уюмдардын демилгеси менен башталган. Жетиөгүз районундагы Даркан айылынын жашоочусу Тилек Аманкуловдун айтуусунда, биогазды айыл-айылга жайылтуунун жакшы ыкмасы биринчи жасап көрсөтүп бериш, калганын эл өзү эле жөндөп алат.
- Башында ТАСИС келип өздөрүнүн программасын кантип жеткиришти билбей коюшуптур. Андай айтса деле түшүнбөйт, мындай айтса деле түшүнбөйт. Кыргыздарга барып жасап бериш керек. Азыр бейөкмөт уюмдар акча сурап эле атышпайбы. Тигүүчү цех ачышка машине сатып алам дейт. Андай тигүүчү цехтер Бишкекте кокодон. Компьютер сатып алам дейт. Ал деле керек. Анан өкмөттөн ушу биогаздычы, бираз акчаны садага чаап, таякемдикиндей кылып биогаз орнотуп берсе ар бир айылга эл ойлонуп калмак. Кыкты жөнеле пайдаланa бербей, анын газын алышты үйрөнмөк. Газдан чыккан көңдү жерине чача баштамак.
Кыргызстанда биогаз алуунун мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Кыйладан бери Бишкекте таштандыларды иштетүүчү заводду куруу идеясы көтөрүлүп келатат.
- Бишкекте таштандылар маселеси курч. Ал абаны булгап жатат, жанында жашап жаткан адамдарга канча оорчулук алып келүүдө. Ушул таштандылардан да биогаз алууга болот. Ал анын тегерегинде жашаган элди газ менен камсыз кылууга күчү жетет. Маселен, Индиянын шаарга жакын айылдарында калдыктардан, таштандылардан биогаз алып жашап жатышат,- дейт М.Бекешова.
Биогаз Кыргызстандын айрым айыл-кыштактарына аз-аздан тарап, ал тууралуу маалыматтар соңку кездери арбын жарыялана баштады. Мындан келди, энергия алуунун келечектүү багыты бул жерде да кенен-кесир жайылчу учур алыс эмес.