Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

ИРАН БИЙЛИГИНЕ ЖАКПАГАН САЯСАТЧЫЛАРГА КАРШЫ БАСЫМ КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Иранда диний башкаруучулук өмүр сүрүүдө жана айрым байкоочулардын айтымында, либералдык көз караштагы саясатчыларга акыркы мезгилде өлкө коомунда ар башка деңгээлде басым күчөй баштады.

1979-жылдагы исламдык революциядан кийин Иранда эки гана руханий жогорку жетекчи болгон - ал революциянын найтыжасында бийликке келген аятолла Рухолла Хомейни жана ал 1989-жылы каза болгондон кийин анын ордун баскан аятолла Сейед Али Хаменеи. Хомейнинин учурунда Хаменени 1981-1989-жылдарда өлкөнүн президенти болуп да шайланган. Андай жетекчини ирандыктар рахбар деп атайт жана аны - Эксперттер кеңеши деп аталган атайын уюм өмүрүнүн аягына чейин шайлайт.

Өлкөдөгү дээрлик бардык бийлик рахбардын колуна топтолгон, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн да башчысы жана бардык бийлик бутактарынын ишин да көзөмөлдөп турат. Исламдык баалулуктарды коргоо үчүн өлкөдө кадимки өкмөттүк армиядан тышкары Исламдык революцияны коргоочулар деп аталган да аскер бар жана алардын башчысы дагы рахбар. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жалпы саны жарым миллиондун тегерегинде болсо, андай атайын коргоочулардын саны 100 миңге жетет.

Өкмөт же парламент кабыл алган чечимдер диний эрежелерге канчалык туура келгенин аныктоо үчүн атайын Көзөмөл кеңеши да бар, анын мүчөлөрүнүн жарымын рахбар тандайт. Бул Кеңеш парламенттин өйдөкү палатасы менен конституциялык соттун милдеттерин бириктиргендей аракеттенет жана ал жактырмайынча, парламент кабыл алган бир да мыйзам күчүнө кирбейт. Эгер ал Кеңеш менен парламент ортосунда пикир келишпестик чыкса, маселени Жөндүүлүк асссамблеясы деп аталган уюм чечет. Анын мүчөлөрүн дагы рахбар аныктайт.

Мындай абалда өлкөдөгү диний уюмдардын мааниси өзгөчө жогору, бирок баары бир кайсы бир либерал саясатчынын сүйлөгөн сөздөрү же жасаган иштери динаятчыларга жакпай, бирок карапайым элге жакса, маселе чыгышы мүмкүн. Саясат таанучулардын айтымында, андай коомдук пикирди өзгөртүү үчүн акыркы мезгилде Иранда мурда белгилүү болгон "таасир топтору" деп аталган уюмдар сыяктуу күчтөр аракеттене баштады.

Мисал үчүн өлкөнүн мурдагы президенти, азыр Жөндүүлүк асссамблеясын жетектеген Али Акбар Хашеми-Рафсанжани былтыр июнда Кум шаарындагы бир жыйында чыгып сүйлөгөндө, чогулган элдин арасындагы айрым адамдар анын сөзүн бөлүп, сын пикир айтып кыйкырып, анын беделин түшүрүүгө араккеттенди. Анын жактоочуларынын айтымында, мындай аракет - Хашеми-Рафсанжани жөнүндө мурда түзүлгөн оң коом пикирди тескериге айлантууга багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын февралында өлкөнүн түндүгүндөгү Горган аймагында жыйын уюштурулуп, ага белгилүү журналист Машалла Шамсолваэзин чакырылганда, белгисиз адамдар жыйын залына кирип келип, анда отургандарды сабап кеткен. Журналистти полиция коргоп калганы менен, кол салгандардын аракеттерин алар токтоткон эмес.

Казвин аймагынан парламентке депутат болуп шайланган Мохамад Алихани чыгарган "Табан" деген гезиттин кеңсесине ошол эле февралда түнүчүн мотоцикл минген белгисиз адамдар күйүүчү майы бар бөтөлкө ыргытып, аны өрттөп жиберген.

Мындан бир жыл мурда болсо белгилүү журналист Хасан Сарахи дайынсыз жоголуп кетти жана ушу сыяктуу окуяларды бийлик тергеп, күнөөлүлөрдү табууга шашпаганын айрым эксперттер - бийликке жакпаган адамдарды коомдо кодулап, либералдык көз караштагы саясатчылардын пикирин ушундай басым аркылуу өзгөртүү үчүн көрүлүп жаткан аракеттер деп чечмелөөдө.

XS
SM
MD
LG