Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

БЕРМЕТ АКАЕВА ДЕПУТАТТЫК ЖАРЫШКА КАТЫШАТ


Экс-президенттин кызы Бермет Акаева Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, бүгүн аймактык шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. Бул жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Элена Иманкулова “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Кемин шайлоо округунан депутаттык шайлоого катышууга алты талапкер арыз жолдогон. Айрым байкоочулар Бермет Акаеванын талапкер катары катталышына анын Кыргызстанда жашабагандыгы тоскоол болушу ыктымал деп болжоп жатышкан. Мамлекеттик иштен тышкары чет өлкөдө узак мөөнөт жашаган жарандарга Шайлоо Кодексинде чектөө бар. Бирок, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова Бермет Акаеваны депутаттык жарышка катыштырбай коюуга эч кандай негиз жок деп жакында эле парламентте болгон жыйында билдирген. Ошол эле учурда Бермет Акаеванын депутаттык жарышка катышканы жатканын бир катар саясатчылар сынга алып, каршы чыгышууда. Мисалы, Кеминден 2005-жылы шайлоого катышып өтпөй калган талапкерлердин бири Жыпар Жекшеевдин айтымында, Акаевдин айланасында ушунчалык уу-чуу болуп аткан кезде кайра Кеминге талапкердигин коюшу Берметтин өзүнүн граждандык укугу экендигине карабастан, моралдык жана саясий жагынан Кыргызстанга жакшылыкты алып келбейт. Себеби, Акаевдер өздөрүнүн таза экенин далилдеп, элдин астынан өтө элек. (KCh)

XS
SM
MD
LG