Бул тууралуу анын адвокаты Жумабек Шакиров жана жубайы Айчүрөк Мамбеталиева маалымат жыйынында билдирди. Эркин Мамбеталиев 2006-жылы 18-декабрда депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар делип шектелип милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга камалган. Адвокаттын айтымында, Мамбеталиевге тагылган айыптарда негиз жок. Анын үстүнөн жалган айып тагып, кылмыш ишин ачууга укук коргоо органдарында жогорку кызмат ордун көздөгөн кызматкер кызыкдар болушу мүмкүн, дейт Шакиров.(AJ)