Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

16:45 Кыргыз-немис достук үйүн тоногон, делип шектелгендер колго түштү


Свердлов райондук кылмыш изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Рысбек Кулманбетовдун маалыматына ылайык, кылмышка шектүү делген топту колго түшүргөн учурда алардын жанынан октолгон бир тапанча табылган. Алгачкы сурактын жүрүшүндө эле, алар В.Козлованын өлүмүнө тиешеси бар экендигин айтышкан. Ушул жылдын 31- январында Новопокровка айылындагы кыргыз-немис үйүнүн башкы бухгалтери Вера Козловага кол салуу болуп, ал үч ирээт тийген октун кесепетинен райондук ооруканадан көз жумган. Ал эми кылмышкерлер Козлованы атып, анын сумкасындагы 100 евро, 500 сом жана кыргыз-немис үйүндөгү сейфтин ачкычын алып кетишкен. Андан соң Бишкек шаарынын Ахунбаева көчөсүндөгү кыргыз- немис достук үйүнүн сейфинде сакталган 100 миң сомду да тоноп кетишкен. (JJ)

XS
SM
MD
LG