Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

КУРМАНБЕК БАКИЕВ АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ СУРАГЫНА КЕЛЕБИ?


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Аксы окуялары боюнча кылмыш ишин токтотуу тууралуу жардыкты күчүнөн кетирип, кошумча иликтөөгө жиберди. Ошол эле мезгилде укук коргоочулар Аксы окуяларындагы күнөөкөрлөрдүн бири деп белгилеп жатышкан президент Курманбек Бакиев трагедиянын курмандыктарын эскерүү иш чарасына барып катыша тургандыгын билдирди. Эгер күнөө коюлса Бакиев сот алдына келип, сурак береби деген суроо коомчулукту кызыктырууда. “Азаттык” менен түз байланышта баш прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев болду.

Президентке караштуу адам укуктары комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун биздин радиого Аксы окуялары боюнча кылмыш иши президенттин көрсөтмөсү менен козголгонун билдирди. Анын айтканы канчалык чын, чынында эле ишти кайра козгоого президент аралаштыбы?

- Турсунбек Акун мырзанын ой пикири илгертен эле белгилүү. Ошондуктан Баш прокуратура мыйзамга тогоп, мыйзамдын чегинен чыкпай өз ишин аткарып аткандыктан жаңы кошумча тергөө жүрүп атканы анык болуп атат. Анткени, элдик депутат Азимбек Бекназаров эки жума мурун баш прокурордун атына кат жиберген, баланча-түкүнчө адамдар суралбай калды, ушуларды сураш керек деп. Ошондон тышкары бей өкмөт уюмдардын жетекчилери дагы өзүнүн көз караштарын айтып, кайрылуу жасашкан. Ошондуктан мыйзамдын чегинде профессионалдык кодекстин талабы боюнча жаңы жагдай ачылгандыктан ушул иш тергөөгө жиберилип, кайра каралып атат.

Экинчи жактан, Аксы боюнча тергөө иши Акаев доорунда эле бүткөн. 24-марттан кийин жаңы президентибиз Бакиев Курманбек Салиевич элдин көзүнчө тапшырма берген баш прокурорго. Баш прокурор бир жылдын ичинде соттун чечимдерин, тергөө жолун кайра карап, күбөөлөрдүн барын кайра башынан тактап сурап, жаңы күбөлөрдү издеп иликтеп чыккан, коллегияда бул иш каралган. Анткени, ал жерде прокурордун дооматтарын кээ бир учурда соттор колдосо, кээ бир учурда соттор колдогон эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө депутат Азимбек Бекназаров айрым адамдарга көңүл бургула деп жазгандыктан, биз карап атабыз. Анткени, биздин мамлекет айкындык, ачыктык, акыйкаттык жолго түштүк дегенден кийин ошону биз аткарышыбыз керек.

- Сөзүңүзгө аралжы, сиз менин суроомо жооп берген жоксуз. Чынында эле ишти кайра козгоого президент аралаштыбы?

- Мен президенттин жанында болгон эмесмин. Бул үч күн мурун баш прокурордун чечими менен кайра каралсын деп ачылды.

- Сиз айттыңыз, Бакиев тапшырма берген баш прокурорго деп. Ал эми баш прокурор азыр президенттин айтканы боюнча сот ишин кайра козгоп атса, анда бул баш прокуратура саясий органбы деген суроо туулбай койбойт да?

- Андай сөз болууга негиз жок. Анткени профессионалдык кодексте жазылган, ар бир жаңы ачылган жагдай боюнча прокуратура ишти караш керек деп. Ошондуктан бул жерде эң эле чоң себеп Жогорку Кеңештен келген кат болуп атат. Ал жерде көрсөтүлгөн адамдарды биз сурашыбыз керек, ошондон кийин биз аягына чыгабыз деген ойдо турабыз.

- Кылмыш иши былтыр токтотулган болчу. Мындан беш жыл мурда беш киши атылган. Бирок аларды аткандар күнөөсүз болгон деп чечмелөө мүмкүн. Бул тууралуу Турсунбек Акун да айтып өттү. Бүгүн трагедиянын 5 жылдыгынын алдында кылмыш иштин кайра козголушу кезектеги гана саясий оюн эмеспи?

- Мен андай ойдо эмесмин. Анткени прокуратура, тергөө иштеринин жолу ошондой. Кандайдыр бир жаңы далил чыгып калса, аны көзөмөлдөп, тергеш керек. Ошондуктан бул саясаттан алыс нерсе, бул жөнөкөй эле укук коргоо тарабынан, же прокуратура тарабынан ким болбосун мындай ишти жүргүзүүгө милдеттүү деп эсептейм.

- Укук коргоочулар Аксы окуясындагы күнөөкөрлөрдүн бири ошол кезде өкмөттү жетектеген Курманбек Бакиев болгон деп айтып келатышат. Ушуну эске алганда эгер күнөө коюлса Бакиев сот алдына келеби, сот анын ишин акыйкат карайбы?

- Мындайча айтканда, Конституциянын, мыйзамдын негизинде ар бир мамлекеттик тармак жана ар бир мекеме укук коргоо органы болобу, же сот органдары болобу алар өзүнүн мыйзамынын чегинде ишти жүргүзөт. Ошондуктан бир болгон кылмышты, мейли катуу, оор, кайгылуу, трагедиялык кылмыш болсун, анын баарын бир кишинин үстүнө жүктөөгө эч кандай жол жок. Анткени, ички иштер министрлиги жоопкерчиликтүү болот. Анткени, алардын иши ошондой, ал мыйзам менен бекиген. Ошондой эле коопсуздук кызматы да өзүнүн мыйзамы менен иштейт. Ошондуктан бүгүнкү күндө мурунку премьер-министрди, же кийинки премьер-министрди күнөөлөй бериш бул мыйзамдын чегинен чыгып кетет.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаныл Жусубжан

XS
SM
MD
LG