Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

13:58 Жаштардын “Жебе” кыймылын бийликтегилер “сатып алуу” аракетин жасаган


Бул тууралу Азаттыкка аталган кыймылдан Жоомарт Сапарбаев кабарлады. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” майдандын позициясын колдобоо үчүн ага $1000 эсебинде акча сунушталган. Ага акчаны мурдараак “Жебеге” мүчө Адил Турдукулов өзү жеке сунуштаган. Жоомарт Сапарбаевдин маалымдашынча, ушундан улам Адил Турдукулов жана Жаркынбек Касымбеков “Жебеден” мүчөлүктөн алынган. Ал эми, жаш саясатчы Адил Турдукуловдун айтымында: “бул – карандай калп”. Ал бүгүн маалымат жыйынында “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” майданы жаштардын колдоосун алуу үчүн ага ар тараптуу сунуштарды көрсөткөнүн билдирген. (ElenK)

XS
SM
MD
LG