Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

16:30 Энергетикага байланыштуу кеңешмеде табийгый газ акысын өндүрүү талкууланды


ЖАЛАЛАБАТ.Облустун калкы менен өнөр жай ишканаларынын жаратылыш газы үчүн болгон карызы март айына чейин 53,7 миллион сомго жеткен. Өзбекстандан келген газдын 98 пайызынын 18,8 пайызы техникалык жоготууларга жана уурдап
жагууларга учураган. Карыздын 41 миллион сому Майлуусуу шаарындагы электр
шамдарын чыгаруучу заводго туура келет. Карыздарды өндүрүү үчүн Майлуусуу
шаарында 949 адамдын газ түйүндөрү өчүрүлүп, 177 газ пайдалануучунун иши
прокуратурага тапшырылганын шаар мэри Бүмайрам Мамасеитова кеңешмеде билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG