Олимпиада 27-мартта башталып, үч күн уланат. Ага 14 сабак боюнча өлкөнүн бардык аймактарынан 448 окуучу катышат. Жеңүүчүлөргө билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылат.Андан тышкары сынакта озуп чыккандар эл аралык олимпиадага катышуу укугуна ээ болушат. (AiJu)