Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

ЕККУ БОРБОР АЗИЯДА ОҢ ЖЫЛЫШТАРГА ҮМҮТТӨНӨТ


Жакында Азаттыктын Вашингтондогу кабарчысы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Марк Перрин Де Бричамбаут менен жолугушуп, уюмдун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маектешкен.

- Жакын арада Косовонун статусу боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши добуш берет. Косово менен кандай үмүттөрдү байланыштырасыз?

- Косоводо уюмдун 1000 дей кызматкери иштеп жатат. Алар ал жерде демократиялык институттарды түзүү, азчылыктарды коргоо, Приштинадагы борбордук өкмөткө парламентаризмде, укуктук чөйрөдө жана маалымат каражаттарынын тармагындагы иштерди жөнгө салууга жардам берип жатышат. Косово менен мамилебиз урматтоого жана ишенимге негизделген. Косово кандай статуска ээ болбосун, биздин максат ага демократияны өнүктүрүүдө жардам берүү.

- Казакстан ОБСЕге 2009-жылы төрагалык кылууга талаптанып жатат, бул анын өлкөдөгү реформаларды ыкчамдатуусуна өбөлгө болуп жатабы?

- Казакстан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна 2009 - жылы төрагалык кылууну көздөп жатат. Ал бул мүдөөсүнө жетүү үчүн акыркы 2 жылдан бери чоң кампания жүргүзүп келатат жана уюмга жетекчилик кылууга татыктуу экенин көрсөтүү үчүн институттарын уюмдун талаптарына шайкеш келтирүүдө. Казакстан Мадридде келерки ноябрда боло турган жыйында ага төрагалык кылуу милдети ишенип бериле турганына үмүттөнөт.

Марк Перрин Де Бричамбаут Түркмөнстандагы өзгөрүүлөргө токтолуп, Гурбангылу Бердымухамедовдун президент болуп шайлануусун өлкөдө оң жылыштарга себеп болду деп түз айта алган жок. Ошону менен бирге эле ал Бердымухамедов андан өлкөнүн шайлоо системасын, мыйзамдарын, борбордук шайлоо комиссиясын оңдоого көмөк көрсөтүүнү суранганын билдирди.
Бердымухамедов ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында жана чек араларды көзөмөлдөөдө уюмдун жардам берүүсүн суранган. Бердымухамедов уюмдун жыйындарын Ашхабадда өткөрүүгө чакырган.

Өзбекстандагы өнүгүүгө токтолуп, ЭККУнун төрагасы республика азыр Анжиян окуяларынан кийин бир кыйла салкындап кеткен мамилелерин оңоо үчүн Еврошаркет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, адам укуктарын коргоо жана Анжиян окуяларына баа берүүдө кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

- Биз Ташкенттеги кеңсебизде Өзбекстанда жаңы программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Алардын көптү күтөбүз, анткени алар аркылуу биз Өзбекестандагы өнүгүүгө көбүрөөк катыша алабыз. Өзбекстанда ушул жылдын аягына президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек,- деди төрага.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG