Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

УКРАИНАГА КРИЗИС КАЙРА КЕЛДИ


Бүгүн кечинде Украинада президент Виктор Ющенко өлкөнүн парламентин - Жогорку раданы мөөнөтүнөн мурда таркаткан жарлыкка кол койду. Бирок парламент президенттин жарлыгын мыйзамсыз деп жарыялап, өз ишин уланта берерин билдирди.

Бүгүн кечинде телеканал аркылуу элге кайрылган сөзүндө президент Виктор Ющенко:

- Менин кадамым мамлекетти,анын суверенитетин, территориялык бүтүндүгүн сактап калуу,өлкөнүн конституциясын,жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн чукул муктаждыктан келип чыкты, - деп айтты.

Президент парламентти кризисти атайылап курчутканы үчүн айыптады.

Жогорку радада коалиция фракциялык негизде түзүлбөйт, Рада легитимсиз мыйзамдарды кабыл алат, бир жыл ичинде бийликтердин таламдарына ылайык келгидей иш кыла алган жок, деп айтты Ющенко.

Өз жарлыгы менен президент 27-майга парламенттик шайлоо белгиледи.

Бирок украин парламенти президенттин жарлыгын мыйзамсыз деп жарыялап, өз ишин уланта берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG