Мындай билдирүүнү өлкөнүн транспорт жана байланыш министри Серик Ахметов Тбилисиге болгон иш сапары маалында жасады. Темир жолду куруу иштери июнда башталат. 600 миллион доллар акчага курула турган темир жол Азербайжандын борбору Бакы менен Түркиянын түштүгүндөгү Карс шаарын байланыштырмакчы, Казакстан ага Кытайды көздөй тартыла турган жаңы темир жол аркылуу кошулмакчы.
Казакстан Кавказдан Түркияга созула турган темир жолду 10 миллион тонна жүк менен камсыздай алат