Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Улуттар уюмунун эксперттери климаттын өзгөрүшү боюнча кезектеги докладын жарыялады


Анда глобалдык жылуулук дүйнөгө, өзгөчө жакыр жана тропикалык өлкөлөргө олуттуу терс кесепеттерин тийгизээри айтылат. Климаттын өзгөрүшүн иликтеген өкмөттөр аралык топ муну менен быйыл чыгуучу төрт отчетунун экинчисин жарыялоодо. Анда келтирилген тыянактарга караганда, Азия менен Африканын жакыр өлкөлөрү климатын ысышынан улам кургакчылыкка, түшүмдүн аздыгына, суу тартыштыгына туш болот. Тескерисинче түндүктөгү Канада жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдө айыл-чарбасынын түшүмү белгилүү бир мөөнөт аралыгында жогорулашы мүмкүн. БУУнун эксперттеринин буга чейин февралда чыккан докладында, глобалдык жылууктун себептеринин 90%дан ашууну адам аракетине байланыштуу экени белгиленген.

XS
SM
MD
LG