Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

17:36 «Манас» бирикмеси Элдик курултай, күчтүү президент, күчтүү парламент болушун жактайт


Кайра Жаралуу «Манас» Эл Биримдиги кыймылы кезектеги билдирүү менен чыгып, Элдик Курултайды жана өкмөттү өзү жетектеген күчтүү президент, президент тарата албаган күчтүү Жогорку Кеңеш каралган башкаруу системасын Конституцияга киргизүүнү сунуш кылды. «Мындан нары эл тагдырын кырк-элүү саясатчылар эле чечип турушуна чекит коюп, саясатчылардын өзүм билемдигин токтотууга мезгил бышып жетти», -деп баса белгиленген билдирүүдө. «Манас» бирикмеси ошондой эле Баш мыйзамды элдик референдум менен гана кабыл алууга чакырып, референдумга Үзөңгү-Куушту, Кумтөр алтын кенин кайтарып алуу, Аксы элин аткандарды сот жообуна тартуу сыяктуу маселелер да сөзсүз коюлушу керек деп белгилеген. (KCh)

XS
SM
MD
LG