Аксыдагы карыялар менен жергиликтуу депутаттар кайрылуусунда Бишкектеги митингчилерди сабырдуулукка үндөштү. Ф.Куловду маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Президент К.Бакиевге мыйзамдуулукту сактап, тынчтыкты камсыз кылууну сунуш кылышты. Көз карандысыз «Сентябрь» телеканалынын деректири Чолпон Абазбеков сыналгынын мунарасына кеткен жолдогу электр мамысын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин билдирди. Электр жарыгы жоктугунан телеканал бир күн бою берүүлөрүн обого чыгаралбай калган. Учурда Сузак райондук электр туйунунун кызматкерлери телеканалга жарык берүү аракеттерин көрүп жатышат, деп айтты Ч.Абазбеков. (YA)
16:03 Аксылык депутаттар менен карыялар Ф.Куловду маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышты