Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

17:51 Баткен тоолорунда дүйнөдө сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү ачылды


Баткен шаарынан 20 чакырым алыста жайгашкан тоодо Айгүл гүлү ачыла баштады. Учурда күн сайын ал тоого барып эс алып, же сейилдөө үчүн баргандардын саны бир жарым миңге жетүүдө. Айгүл коругуна баргандарын тартибин көзөмөлдөө жана гүлдөрдү туш келди үзүп, тепсөөдөн коргоо үчүн, корукка жакын жайгашкан Карабулак орто мектебинен жаш патрулдар уюштурулган. Ошондой эле дем алыш күндөрү эл көп болгондугуна байланыштуу жаш патрулдарга жардам берүү үчүн экология, ички иштер кызматкерлери да тартылууда. Айгүл гүлү илимде «Эдуарда Петилиум» деп аталып, кызыл китепке киргизилген. Айгүлдүн гүл ачуу мезгили бир айга созулат. (SA)

XS
SM
MD
LG