Ирандын түндүгүндөгү Мазандран аймагында жергиликтүү университеттин 15 студенти кармалды. Алар курдашынын камалышына каршылыгын билдирүүгө аракеттенген. Студент Бижан Сабах 14-апрель күнү камакка алынган. Акыркы мезгилде бийлик студенттерди активдүү куугунтуктай баштады. Алардын көбү университеттен чыгарылып салынды.