Митингде "Арнамыс" партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова депутаттарга элдин үнү жетпей жатканын, митингдегилер бийлик үчүн эмес элдин, мамлекеттин келечеги үчүн келишкенин айтты. Көпчүлүк "коррупцияга аралашкан, бийликти колдогон депутаттар кетсин!"-дешип ураан чакырышты. Алар "Бакиев кетсин!" "Реформачылар эл менен",-деп жазылган жарнактарды көтөрүп турушат. (AJ)