Парламент ичиндеги болуп жаткан окуяларга нааразы болгон митингчилер бүгүн Жогорку Кеңештин алдына келишип, депутаттардын таркап кетишин талап кылышты. Бир катар депутаттар парламенттин таркатылышы өлкөдөгү абалды өтө эле курчутуп жиберерин айтышса, оппозиция жээгиндеги депутаттар таркап кетүүдөн башка арга калбагандыгын ырасташууда. Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов, бүгүнкү кризистик абал 2005-жылдагы Акаевдик парламент калып калганда эле акырындап башталган калган деген пикирде. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун мүчөсү Бөдөш Мамырова, бир катар депутаттардын таркап кетүүгө каршы чыгып жатканын мындайча түшүндүрдү:
- Эгерде элдин талабын, ишеничин аткара албаса депутаттар өздөрү тарап кетиши керек. Алар эмнеге тарап кеткенден коркушат. Анткени булар экинчи жолу парламенттин эшигин аттап, шайланып келиши кээ бир депутаттар үчүн күмөн.
Бириккен фронттун лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахмановдун ырасташынча, оппозиция сүйлөшүүлөрдөн качкан жок. Мындай абал бийликтин текебердигинен келип чыкты дейт Ө.Абдрахманов:
- Ар дайым сүйлөшүүдөн качпайбыз деп айтпадык беле. Бирок, бийлик ит чыктыбы, куш чыктыбы деп карап койбой, тескерисинче булар турса тура берсин, биз отура беребиз деп, дагы эле текебердигин көрсөтүп атат.
Парламент төрагасы Марат Султанов, бүгүнкү кыйын абалдан чыгуу үчүн оболу депутаттар өз ара бир чечимге келиши керектигин айтууда:
- Азыр депутаттар арасында формалдуу эмес кеп-кеңештер жүрүп жатат. Эгер биз өз ара бир пикирге келе албасак бул жакка президентти аралаштырып кереги эмне.
«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, азыркы кырдаалда тараптардын консенсуска келиши кыйын болуп калганды. Бир-эки эле топ консенсуска келип алып, жалпы элдин аркасынан тон бычканы туура эмес дейт ал:
- Булар консенсуска келе албайт. Кичинекей эле топтор консенсуска келип баш мыйзамды кабыл алса жаман болот. 9-ноябрда ошондой болгон, алты гана киши кол коюп конституция кабыл алынган. Көпчүлүгү жөн эле добуш берип койгон, окуган да эмес. Азыр да ошондой болот. Ушундай болсо элдин аркасынан тон бычып аткан болот.
Ал эми белгилүү оппозиционер ырчы Сагынбек Момбеков, эки тараптын тең таңуулап жаткан баш мыйзамы туура эместигин, бул абалдан чыгуу үчүн 1993-жылдагы баш мыйзамга кайтуу керектигин ырастады:
- Эл качан чындыкка келет? Баягы 1993-жылдагы баш мыйзамга келип, ошол конституция мене ниш кылмайынча буларда талаш-тартыш эч бүтпөйт.
Саясат талдоочулар жаатташкан тараптардын качан консенсуска келери, алдыда кандай окуялар күтүп тургандыгы дале бүдөмүк болуп турушу, эл арасындагы чыңалууну барган сайын күчөтө берет деп жатышат.