Кайгылуу окуянын 50 жылдыгына арналып, 1965-жылы Армениянын Цицернакаберд деген тоосунда курулган эстеликке президент Роберт Кочарян, премьер Серж Саркисян, парламент спикери Тигран Торосян, армян христиандарынын башчысы католикос Гарегин Экинчи жана башка жетекчилер келип, курман болгондорду эскерди. 1965-жылдан бери мемориалда түбөлүк от күйүп турат.
Армян тараптын айтымында, 1915-жылдан 1918-жылга чейин Осмон империясынын аскерий жетекчилери өлкө аймагында жашаган бир жарым миллион армянды кырып салган. 1915-жылдын 24-апрелинде болсо, армян улутундагы көптөгөн жазуучулар, артисттер, акындар жана башка интеллигенция Ыстамбул шаарында чогултулуп, же өлтүрүлгөн, же өлкөдөн депортацияланган, ошондуктан бул күн геноцид күнү болуп белгиленет. Түркиянын айтымында, ал мезгилде Биринчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан жана согуш менен байланышкан куралдуу кагылышууларда 300 миң армян өлгөн.
Кыргын учурунда Орусия империясы өз чек арасын ачып, көптөгөн армянды кабыл алган. Профессор Павел Пагануццинин жазганына караганда болсо, ал кезде Түркия аймагында бир миллион 650 миң армян жашаган жана алардын 375 миңи Орусиянын аймагына качып кутулган, бир миллион армян жер которууга аргсыз болгон.
Эгемендүүлүккө жеткенден бери, Армения Түркияга кайрылып, геноцид болгону мамлекеттик деңгээлде таанылыш керек деген талап коюп келет, Анкара аны четке кагууда, ошондуктан эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле эмгиче жок. Армениянын Дашнакцутюн деп аталган улутчул партиясынын жетекчиси Грант Маргаряндын пикиринде, геноцидди тааныса, Түркиянын өзү үчүн жакшы болмок: "Бир да мамлекет өз тарыхын танып жашай албайт. Чындыкты танганда дагы жашоо болбойт. Армян геноцидин Түркия тааныса, анын өзү үчүн жакшы болот", - дейт Маргарян.
Айрым мамлекеттер ал окуяларды геноцид деп тааныган, алардын арасында Австралия, Алмания, Италия, Франция, Орусия бар. Дүйнөдө биринчи болуп андай аракетке 1965-жылы Уругвай барган, АКШнын 50 штатынын кыркка жакыны дагы армян геноцидин тааныган. АКШ Конгресси армян геноциди тууралуу жаңы мыйзам даярдап жатат, бирок Түркия менен мамилени бузуп албаш үчүн, президент ага кол коеру арсар. Анткен менен 1970-жылдардан бери ар бир америкалык президент окуя жөнүндө атайын билдирүү жасап, 24-апрелде армяндарга колдоо көрсөтөт.
Армян тарыхчыларынын айтымында, кыргынды уюштурууга атактуу түрк генералдары катышкан. Кийин алардын көпчүлүгү армяндар тарабынан өлтүрүлгөн. 1913-жылдан 1917-жылга чейин Түркиянын премьер-министри болуп иштеген Саид Халим-паша 1921-жылдын 6-декабрында Рим шаарында Аршавир Ширакян деген адам тарабынан өлтүрүлгөн. Кыргындын идеологу болгон деп эсептелген Шекир-бейди 1922-жылдын 17-апрелинде ошол эле Ширакян менен Арам Ерканян өлтүрүшкөн. Талаат-пашаны 1922-жылдын 15-мартында Берлин шаарында Согомон Тейлерян атып өлтүргөн. Степан Цакихян менен Петрос Тер-Погосян 1922-жылдын 25-июнунда Тбилиси шаарында Жемал-пашаны өлтүрүшкөн. Энвер-пашаны ошол эле 1922-жылы Акоп Мелкумов менен Георгий Агабеков Түркстанда өлтүрүшкөн.