Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:15

КЫРГЫЗ СОМУ ОН ТӨРТКӨ ЧЫКТЫ


Мындан 14 жыл илгери Кыргызстандын улуттук акчасы – сом жүгүртүүгө киргизилген. Ошентип өлкө 90-жылдардын башында гиперинфляциянын сормо сазына биротоло тартылып кетпей, экономикалык өз алдынчалыгын сактап, көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Импорт менен экспорттун катышы Кыргызстан үчүн кыйла жагымсыз болуп аткан шартта сомдун куну учпай, туруктуу кармалышы өлкөнүн ички базарынын өнүгүшүнө дурус дегидей шарт түзүүдө.

Кыргыз сому жаңыдан киргизилип жаткан шартта өлкөдө инфляция деңгээли 230% чапчып, бүгүн-эртең гиперинфляциянын кургуйуна түшүп калар коркунучунда турган. 1994-жылы инфляция 64% түшүп, кийинки жылдары ал 5% тегерегинде сакталып келе жатат. Дагы бир дурус дегидей жышаан, ушу тапта өлкөнүн сакталып турган алтын-акча мүлкүнүн баасы 850 миллион долларга чыкканы.

Анткен менен соода-экономикалык балансы дагыле Кыргызстан үчүн ыңгайсыз бойдон калууда. Импорт көлөмү экспорттон эки эсе арбын болушу сомдун туруктуулугуна сөзсүз терс таасирин тийгизери турулуу иш.

- Соода-экономикалык сальдо терс болуп атат. Абдан өстү. Биз 2003-жылы соода-экономикалык сальдонун оң жагына жетишкенбиз. Азыр терс сальдо 53 миллион долларга жетип калды. Бул биздин экономикалык коопсуздугубуз тышкы экономикалык коньюнктурага байланып калганын билдирет,- дейт парламент депутаты Каныбек Иманалиев.

Кыргызстан экономикасынын кендирин кескен “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу амалында мурунку өкмөт кирешелерди мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүп чыккан. Аны мурунку өкмөт башчыныны биринчи орунбасары Данияр Үсөновдун бир ирет ачыкка чыгарган жайы бар.

- Биз азыр парламент аркылуу кирешелер менен капиталды мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу даярдыгын көрүп жатабыз. Мыйзам жазылган, комитеттин талкуусунан өткөн. Биз банкка сакталган акчаларды коргоо боюнча фонд түзүүнү да ойлоп жатабыз. Ал фонд непадам банк тарабынан проблемалар болуп калса элдин сактаган акчасын кайтарып бермекчи.

Өткөн жылы калктын 4 миллиард сому коммерциялык банктарга сактоого коюлган. Быйыл элдин банктарга акча салышы 6% арбыганын Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев маалымдады. Анын ырасташынча, коммерциялык банктардын кредит баштыгы 16 миллиард сомго жетип калды.

Анткен менен, жүгүртүүгө чыгарылган акчанын 80% банктарды кыйгап, төлөмдөрдүн көпчүлүгү дагыле колмо-кол жүргүзүлүп жатканын, акчалардын банк аркылуу жүгүртүлүшүнө жетишүү аракети көрүлүп жатканын М.Алапаев журналисттер үчүн өткөргөн жыйында билдирди.

- Өкмөт менен чогуу атайын программаны жүргүзүп жатабыз. Банкка келбеген акчалар, чөнтөктө кармалган, колдо кармалган акчалар банктарга түшүп, кредит аркылуу ал кайра эле элге берилишине жетишүү боюнча программа түзүп жатабыз.

М.Алапаев эмдиги жылдан тарта майда кагаз тыйындар, ошондой 1 сом менен 5 сом жез чака түрүндө чыгарыларын айтты. Ал эми бишкектиктердин улуттук акча сом тууралуу пикири кандай? Аны баарылап чогуу угалы.

- Кытайдын акчасына караганда биздики жакшыраак.

- Биздин сомду кармап аткан мынабул базарлар. Кытайдан, тияк-буяктан өтүп аткан товарлар кармап жатат. Өндүрүш болмоюн сомду туруктуу кармаш кыйын.

XS
SM
MD
LG