- Тыныгуудан кийин парламент кайра чогулуп, чу дегенде эле өз ишин шайлоо кодексине өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоодон баштады. Шайлоого катышууну каалаган саясий партияларга 20 миң кол топтоо милдеттемесин коюу демилгесине кандай карайсыз?
- Мен негизинен туура деп эсептейм. Бирок региондордон кол топтоо жөнүндөгү маселеге мен көп ичим жылыбай турат. Себеби биз кичинекей Кыргызстанды регион-регионго бөлүп атпайбызбы, Баткенден, Оштон, Таластан дегендей кылып. Ушуга кичине ынанбай турам.
- Ысыккөлдөгү жерлерди сатуу темасына кайрылсак, сиз жакында курорттук жерлер экинчи жолдор менен махинациялар менен чет элдиктерге сатылып жатканын айткансыз, жерлерди токой чарба агенттиги өзүнчө, айыл чарба министрлиги жер агрардык реформа департаменти менен биригип алып, айыл өкмөттөр менен келишип алган аким, губернаторлор өздөрүнчө сатып, үч ведомствонун ортосунда жер сатуу боюнча мелдеш жүрүп жаткандай деп айттыңыз эле. Депутаттар буга каршы кандайдыр бир чара көрө алабы?
- Жогорку Кеңештин депутаттары буга чара көрө албаса дагы, мен муну айтып аткан себебим жалпы калайык калкка Кыргызстанда болуп аткан терс көрүнүштөр ачыкка чыгып, белгилүү болсо деген оюмду айтып атам. Себеби өзүңүздөр билесиздер, курорттук Балыкчы регионунан бир жарым жылдан бери депутат жок. Мен көлгө бат-бат барып турам, барганда эле элдер «ушуну сессиядан айтып койсоң, президентке жеткирип койсоң, ушуну билбей атабыз” деген маселе менен кайрылып атат. Бул жагдай үч ведомство аркылуу да кетип атат. Анын үстүнө бир тобу бийлик ээлерине келип алышып, адегенде жердин үстүндөгү, анан жердин астындагы темирлерди сатып бүтүшүп, эми жер сатууга киришпедиби. Эми ошол жерелерди дүңүнөн алып сатып алып, дүңүнөн кайра сатып, экинчи жагынан курулуш куруп өзүнө алган кишилер, аны курулушу менен сатып атышат. Муну негизинен 10 киши чоң аянтка салат, анан орустарга, же казактарга кетип атат.
- Буга Балыкчы шайлоо чөлкөмүнөн депутат жок болгону дагы түрткү болуп атабы?
- Аны айткан себебим, мына бир жарым жылдан бери биздин Балыкчы шайлоо округунан депутат жок. Ошол дагы себеп болуш керек. Бирок мен шайлоо алдындагы программамда Ысыккөлдүн жээгинде курорттук жерлерди сатып чайкоочулук кылгандарга каршы күрөшүү деген да бар эле. Ошого карата болгон күчүбүздү Кыргызстандын атуулу катары айтып атам. Кыргызстандын ар бир квадрат метр жери бизге керек. Анын үстүнө биз дайыма мактанып келебиз, Ысыккөл Кыргызстандын, Алатоонун бермети деп. Ушунтип кете берсе ушул берметтен кур жалак калгандай болуп турабыз азыр. Анын үстүнө Кытай мамлекети кыйын мамлекет, алар 20-30 жыл кийинки чараларын алдыга коюп атат. Үзөңгүкууш, Акчыгар жактан жол ачабыз деп, Кыргызстандын президентине официалдуу кат менен кайрылган. Бул жабык кат. Кытай дагы, казактар дагы, орустар дагы, калган мамлекеттер дагы биздин Ысыккөлгө көз артып атышат.
- Жергиликтүү калк дагы кандайдыр бир чараларга, нааразылык акцияларга дагы даярданып атабы?
- Жабык эшик артында өтүп аткан нерселердин бардыгын элдер кийин билип калып акцияларга барып атпайбы. Мен ойлойм жер сатуу боюнча дагы, кендер боюнча дагы ачык тендер боло элек. Ошонун бары жабык өтүп эле, эл фактынын артында калып калып, анан ызы-чуу түшүп эле жатып калып атпайбы.
- Маегиңизге ырахмат.