Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, сүйлөшүү бүгүн каржы министрлигинде өттү. Кыргыз тараптан аны каржы министри Акылбек Жапаров, “Камеко” тараптан “Центерра голд” компаниясынын вице президенти Дэвид Петрофф жүргүздү.Сүйлөшүүгө катышкан геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бул эксперттер деңгээлиндеги жолугушуу болду жана ал улантылат. (AiT)