Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

БАРСКООНДУКТАР 20-МАЙГА ЧЕЙИН КҮТҮШКӨ КАЙЫЛ


Жетиөгүз районунун беш айылынын эли коюлган талаптары 20-майга чейин аткарылбаса “Кумтөр” алтын кенине баруучу жолду дагы тосушат. Мындай билдирүүнү алардын атынан келген атайын өкүлдөр кабарлашты. Жергиликтүү эл канадалык компания менен кыргыз өкмөтү кол койгон 1992-жылкы Башкы келишимди жокко чыгарууну, 1998-жылкы цианид кырсыгынын моралдык зыянын, ал жылы алынбай калынган түшүмдүн акысын төлөп берүүнү талап кылышууда.

1998-жылдын май айында Барскоон капчыгайында болгон кырсыктан жапа чеккендерге өкмөт чечимине ылайык жаш балдарга 500 сомдон, улууларга киши башына 1000 сомдон акча төлөнүп берилген.

2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусу болбосо бул чатактуу иш күч менен дагыле бас-бас болунуп тура бермек. Жаңы бийлик тушунда компания кыйла дурус иштерди жасаганын «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди.

- Бюджетти эки эсеге көбөйттү, эки миллиардка. Ошондой эле социалдык өнүгүү жагына деп 49 миллион которду. Диагностика борборун берди. Техсервис ачылды. Бирок, ошону «Кумтөр» эмне үчүн мурда жасаган жок?

Бу аралыкта Жетиөгүз районунун 5 айыл элинин эки жыл алынбай калган түшүмүнүн эсесине компания 4 миллион доллар акча төлөп берүүгө макул болгон. Быйыл эрте жазда келчү ошол акчанын акыркысы келмек, бирок ал берилбей токтотулуп турат.

«Кумтөр Оперейтинг компаниясынын» коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин, компания алган милдеттенмесин төлөп берүүгө даяр экендигин ырастап, бирок да «Кумтөр» алтын кенин мамлекеттештирүү боюнча сөздөр жүрө баштаган соң акча которуу токтотулуп калганын маалымдады.

Алтын кенин биргелешип иштетүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы башкы келишимди кайра карап чыгууну талап кылган пикетчилер деле ири кендин мамлекет эсебине кайтарылышын каалашпайт. «Барскоон» айылдык оорукананын дарыгери Бактыгүл Иманкожоеванын айтуусунда, пикетке чыккандар алтын кенди канадалыктардын өзү эле иштетишине кызыкдар.

- Улутташтырууга болсо эл, биз чындыгында каршыбыз. Анткени, эгер улутташтырсак, андай чоң комбинатты биздин өкмөтүбүз иштетип кетерине көзүбүз жетпейт.

Экологиялык оор кырсык болгон, андан кийинки жылда алынбай калган түшүмдүн баасы деп берилген акча экологиялык кырсыктан жапа чеккендердин ушу азырга чейин тартып келаткан моралдык азап-тозогунун ордун толтуруп бере албайт, деп билдирди Мырзакул Садыбакасов.

- Мен бир айда миң сомдук дары алышым керек. Мен тиги жерде өзүмдүн короомдон алтын казып алып сатып аткан жерим жок да. Болгон мал-мүлкүмдүн, бала-чакамдын жардамы менен ушул дарыны алып жүрөм. Эгерде мен муну колдонбой койсом, анда мен кеттим тиги дүйнөгө.

Жалгыз уулунан ажырап калган Роза Мамбеталиева башынан кечирген мүшкүлдүн себеп-жөнүн, пенделик арыз-арманын баяндап китеп жазган. «Уулум короону сугарып жүргөн», дейт күйүттүү эне.

- Ошондон, уулануудан, бутунун тизесинен төмөн жагында чоң шишик пайда болгон. Ал клетканын опсуз шишип кетиши деп айтылат экен. Ушуну операция кылган врач «мен мындай чоң шишикти көргөн эмесмин», деди. Себеп дегенде, эт шылынып, жалаң сөөк калыптыр.

Барскоондук Аскар Өмүралиев ушу тапта кырсыктан жапа чеккен 400 ашуун адам экокырсыктан тарткан моралдык зыяндарын төлөтүп алыш үчүн сотко кайрыла тургандыгын маалымдады.

- Төрт жүз ашуун киши кайрылышы мүмкүн. Булар колунда документтери барлары гана.

«Кумтөр Оперейтинг компаниясынын» коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Дедюхин 14-майда жол ачылгандан кийин эле пикетчилерге кат жөнөтүлгөнүн маалымдады. Анда Башкы келишимди кыргыз өкмөтү менен канадалык компания гана жокко чыгарууга укуктуу экени эскертилген. «Кумтөр» алтын кенин тартып алуу маселеси күн тартибинен алынса гана калган акчалар төлөнүп бериле тургандыгы ырасталган.

XS
SM
MD
LG