- Бир мандем бар бул жерде. Жалаң эле Майлуу суу заводу боюнча эмес, бизде негизи эле инвестициялык маакулдашуу жолу менен сатуу жолу бар. Ал мындай, ушул заводдорду кээ бир убакта бир долларга да сатса болот. Бирок, ошол инвестор келип, заводго 15-20 миллион доллар салып, салыкты үч жылдын ичинде көбөйтүп, мамлекетке пайда келтирип, жумушчу орундарды түзгөн убакта. Бизде кандай болуп атат, бизде азыраак акчага сатат, кезинде «шапкесин» да алат, анан тилекке каршы ошол инвестициялык келишимди аткарбай эле заводду ошол бойдон эле иштетип, эптеп-септеп жаап салып элдин да нааразычылыгын туудурушат.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев да Майлуу суудагы электр лампа заводу ушул кезге чейин чоң кызматтардагы чиновниктердин катышуусу менен таланып келгенин ырастаган. Анын айтымында, заводдун ээлери убагында мурдагы Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевге таянып келишкен. Учурда тиешелүү министрликке завод боюнча келишим аткарылып-аткарылбаганын тез арада карап чыгуу тапшырылган. Өкмөт башчы Жогорку Кеңеште жылына 3 миллион доллар киреше алып келе турган завод кандайдыр бир жолдор менен ошол эле суммага сатылып кеткендигин, бул ишти териштире турганын айткан.
Камбаралы Конгантиев азырынча, бул заводго тиешеси бар-жогун ачыктай элек.
Башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийин жумушсуз жүргөн К.Конгантиев маалымат булактарынан окчун карманууда. Аны жакындан тааныган, Бакшы прокуратурада анын маалымат катчысы болуп иштеген Токтогул Какчекеевдин айтымында, К.Конгантиев бул заводдун ээлерине жөлөк-таяк болгон эмес. Т.Какчекеевдин ырасташынча завод менчиктештирилип жаткан кезде К.Конгантиев жөнөкөй эле мамлекеттик кызматкер болчу. Анын пикиринде мындай ишканаларга депутаттар, министрлер же андан чоң даражадагы жетекчилер жөлөк-таяк болуп, алар менен кандайдыр бир каржылык чоң операцияларды жасашы мүмкүн. «Ошол себептүү муну терең изилдеп чыгуу керек»,- дейт Т.Какчекеев.