Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимдин келечегин талкуулаган чукул жыйын Венада өтүүдө


Төрт күнгө созулуучу жыйын Орусиянын талабы боюнча чакыртылды. Орус президенти Путин анын өлкөсү бул келишимге мораторий жарыяларын өткөн апрель айында билдирип, муну НАТОнун өлкөлөрү келишимдин шарттарын аткарбай жатканына байланыштырган. Венага келген орус делегациясынын башчысы Анатолий Антоновдун билдиргенине караганда, Москва мораторий жарыялаган жок. Ал келшимден чыгууну эмес, аны кайра кароону жана анын иштешин кыска мөөнөткө токтотуп турууну каалайт. Аталган документ алгач 1990-жылы НАТО менен ал кездеги Варшава келишимине кирген өлкөлөр ортосунда түзүлгөн. Келишим Антлантика океаны менен Урал тоолору ортосунда жайгаштырылуучу өзөктүк эмес куралдын санын чектейт.

XS
SM
MD
LG