5-июнда президент К.Бакиев парламентке келип, биртоп экономикалык мыйзамдарды илгиртпей алып берүү өтүнүчүн жолдогон. Бул иш кечеңдей берсе эртең «Камбарата» ГЭСтерин куруунун анчалык деле зарылдыгы болбой каларын эскерткен.
- Кырдаалды жөнөкөй айтсак, бир ай кечиккенибиз далай жылды жоготконго барабар. Мындай болсо «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» электр станциялары К.Бакиевдин тушунда да, азыркы депутаттардын тушунда да ишке киргизилбейт. Эгер биз азыр чечим кабыл албасак, алар эч качан курулбай калышы да мүмкүн.
Кыйла жылдардан бери курулушу илең-салаң, бүтөр-бүтпөсү белгисиз эки ГЭСтин маселеси барып-келип саясий талашка айланып кетерин эч ким ойлобосо деле керек. Непадам, өкмөт жаңы инвестиция долбоорун депутаттар алдында жакшылап коргой албаса президент өзү андай ишти аткарууга кайыл экенин атайын эскерткен.
- Мен ойлойм, өкмөт туура жыйынтык чыгарып, бул маселени терең түшүнгөн, так жооп бере ала турган өкмөт мүчөсүн даярдаш керек, Алмаз Шаршенович. Эгерде андай киши жок болсо анда мен өзүм келейин.
Антип күтүлбөгөн жерден «Камбарата – 1 –2» ГЭСтерине инвестиция тартуу маселеси cаясий өң-түс алып, жок жерден чоң талаш чыгышынын жөн-жайын депутат Кубатбек Байболов Кыргызстандагы ашкере саясатташуунун бир көрүнүшү катары баалайт.
- Эгин эккенден ГЭСке чейин бүт баары саясатташып кетпедиби. Бүт баары эле саясат. Мына бул жерде үч жума талкуулап жатышат. Биринин айтканын экинчиси кайталап, эчен ирет кайталоо да болуп кетти. Эмне себептен? Менимче, депутаттар чечим кабыл алгандан чочулашып, артка сүйрөп жатышат. Добуш берип макул бололу дейт, элден чочулашат. Бербей коелу дейт, макул деп койгон бийликтен көбү чочулашат. Ошентип эки анжы болуп далайы кыйналып аткан кездери.
Ал эми талаштуу саясаттын гана күнү тууп калышынын дагы бир себебин К.Байболов кечээки парламент депутаты, бүгүнкү Кыргызстан президенти К.Бакиевдин мындан эки-үч жыл илгерки энергетиканы жеке колго берүүгө көшөрүп каршы турган позициясына байланыштырат.
- Мындан эки жыл мурун ушул маселе көтөрүлгөндө ушул эле президент баш болуп “ГЭСти саткан, жерди саткан, элди саткан менен барабар”, деп А.Акаевди алып түшкөнгө биринчи негиз ушул болбоду беле. Андан бери эмне өзгөрдү? Биp нерсе өзгөрүп кеттиби? Эки гана жыйынтык чыгарышыбыз мүмкүн. Же болбосо ал чуу ошол кездеги А.Акаевди гана алып түшүш үчүн керек болгон. Же болбосо ошол кездеги оппозиция өтө жаңылышкан. Азыр ошону жок дегенде моюнга алыш керек да. Азыр айтышса болмок, “биз ошону А.Акаевди алып түшүш үчүн гана ызы-чуу көтөргөнбүз” деп. Же болбосо “биз ошол кезде каршы чыгып чоң экономикалык жаңылыштык кетириптирбиз. Азыр сатылышы керек”, деп айтышы зарыл.
Президенттин айныксыз оппоненти Өмүрбек Текебаев кечээ эле парламент жыйынына катышуудан баш тартып, энергетика реформасына каршы чыккан өнөктөшү президент К.Бакиев талаштуу маселенин тамырын абдан жакшы билерин талкуу учурунда атайын минтип айтты.
- Эми президент убада берсе берип койгондур. Биз убада берген эмеспиз. Биз шайлоочулар алдында убада бергенбиз. Ошондуктан президенттин «депутаттар түшүнбөй жатат» деген сөзү суу кечпейт. Ал алдамчылык, ал эки жүздүүлүк. Биз президентке караганда жакшы түшүнөбүз, кулагы каяктан өсүп жатканын да билебиз. Президент ушу Давран Сабиров олтурган жерде олтурган болуш керек. Бир жолу сөз сүйлөгөн жок, бир жолу мыйзам киргизген жок. Мен төрага болуп турганда айткам, мындай адам үйрөткөнгө акысы жок. Моралдык да, интеллектуалдык да негиз жок.
Казак туугандар комитетине чейин айтып жатат. Биз даярданып жатабыз, ошол жерге барып курганы жатабыз деп. “Биз байбыз дейт. 19 миллиард долларды Казакстан сыртка чыгарды. Грузияга бир нече миллиард алып келдик, кыргыз туугандар силерге да алып келели” дейт. Ушундай бай экен президент башы менен төрт пансионатты бекер бергиле деп сурайт. Элчиси келип сурайт. Спикери менен сенаттын төрагасы келип сурайт. Депутаттарды чакырып aлып да сурайт, келип да сурашат. Ушу казак элинин, үлкөн бай элбиз дейт, ушулардын кадыр-баркына туура келеби. Кайырчыдай болуп сурайт.
Энергетика тармагындагы олуттуу делген маселенин антип кызуу талаш, саясий күрөш майданына айланып кетишине шыкак берген дагы бир талылуу маселе туру. Азыркы парламент депутаттарынын текши баары электр энергиясына тарифтердин көбөйүшүнө көгөрүп каршы туруп, бөлүштүрүү компанияларынын жеке колго өтүшүнө жол бербейбиз, деп мандатка жетишкендер. Энергетика проблемаларын абыдан жакшы билген депутат Райымбек Мамыровдун да ошондой убада берген жайы бар. Анын ырасташынча, башка өнөр жай өндүрүшүнөн энергетика 10 – 15% алыда жүрүшү абзел. Ансыз экономикалык өнүгүү тууралуу кеп кылбай эле койгон оң. Ал эми «Камбарата - 1 – 2» ГЭСтерин курууда Кыргызстан болочок ишкананын 51% кем эмес акциясына ээ болушу керек.
- «Камбарата – 1» менен «Камбарата – 2» ГЭСтеринин курулушун сөзсүз жасашыбыз керек. Анын булактары. Эгер биргелешкен ишкана болуп кала турган болсо ошол жерде 51% Кыргызстан жакта сакталып калсын деп киргиздик. Анын булактары кайдан болушу мүмкүн? Өзүм энергетик болгондон улам гана түшүндүрүп айтып жатам. Биз азыр 2 миллиард бир жүз деп жатабыз. Өзү негизинен 1 киловат-сааттын баасы 1000 доллар, курулуп бүтүшү. Ошондо «Камбарата – 1дин» кубаттуулугу 1 миллиард 900 киловат- саат болгондуктан баасы 1 миллиард 900 миллион доллар болот. Ага «Камбарата –2нин» 360 миллиону кошулат. Ошону менен ушул эки ГЭСтин курулушуна линиясын кошпогондо болжол менен 2 миллиард 200, 2 миллиард 300 доллар акча керек болот. Анын баарысын жазыштын кереги жок. Биз 2 миллиард деп жазып койсок, 51% менен Кыргызстан ага кире албай калат. Ошон үчүн мен айтып жатам, биринчи кезектегисин жасашыбыз керек. Биринчи генераторду бериш үчүн азыр инвестиция чогултушубуз керек. Менин эсебимде бул 600 – 700 миллион доллардын тегереги болуш керек. Ошондо кайра баалоонун эсебинен Кыргызстан 300 – 350 миллион доллар менен киргенде жанагы мен айткан 51% камсыздалган болот. Анан биринчи агрегат ишке киришип, электр энергиясын иштеп чыгара баштаганда ал өзүнө-өзү акча таба баштайт. Депутаттар айтып жаткан «Ташкөмүр» менен «Шамалдысай» ГЭСтерин ошентип курганбыз. Мен ошол кезде ал жерде иштечүмүн. Ошондуктан биринчисин башташ керек, ал бүткөндөн кийин калганы болот.
Курулушу аягына чыкпай турган эки ГЭСке сырттан инвестиция тартуу зарылдыгына парламенттин бюджет жана каржы комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков да токтолду. Кыйладан бери талаштан башы чыкпай келаткан курулуш чет эл инвесторлорунун, айталы, казак же орус ишкерлеринин колуна тийсе эле Кыргызстан экономикалык коопсуздугунан кол жууп калат, деген оосар кеп чындыкка коошпойт. Ал Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Казакстанга иш сапары учурунда ушундай эле кеп-сөз Астанада да болгонун мындайча маалымдады.
- Казакстан бизге саясий жактан үстөмдүк көрсөтпөйбү, башка кылбайбы, деп. Ал жөнөкөй гана жооп берди, сатпасаңар сатпагыла, биздин инвестиция кирбесе кирбесин, деди. Бүгүнкү күндө Казакстан Грузияга 4 миллиарддан ашуун доллар инвестиция жасаптыр. Төрт миллиард доллар. Грузиянын үч-төрт портун жана башка инфраструктурасын сатып жатат, ошого жумшап жатышыптыр. Казак туыскандар, биз Кыргызстанга жумшайлы деп жатышат. Баякы чөптү коруган ит болуп отурсаңар отура бергиле деди. Бечара болуп, бекер болуп отура бергиле. Себеби биз ушунун баарынан өттүк дешти. Жыйындар болгон, саясий каршы көз караштар болгон дейт. Бүгүнкү күндөгү жыйынтык, Казакстандын ички дүң продуктусун ар бир жаранга бөлгөндө 6 000 доллардан тийип жатат. Бизге окшогон депутаттардын айлыгы ошол жерде 3 000 доллардан. Пенсионерлердин айлыгы 600 доллардан 1000 долларга жетиптир. А бизде ички дүң продуктту бөлгөндө 400 доллар. Биз сүйлөгөндү жакшы көрөбүз, акыл үйрөткөндү жакшы көрөбүз. Айтып жатабыз, геосаясий биздин мүмкүнчүлүк болуш керек деп. Ал болуш үчүн эмне кылыш керек? Биз кыргыздын келечеги сууда экенин жакшы түшүнөбүз. Бирок ошол сууну туура пайдаланыш үчүн бүгүнкү күндө «Камбарата –1» менен «Камбарата – 2ни» курбайбыз дегендерди Кыргызстанга каршы адамдар деп эсептейм.
Экономикалык реформаларды озунуп жасаганы менен көзгө көрүнөрлүк ийгиликке жетише албай келаткан Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен теңата сүйлөшчү таянычы суу маселесине барып такаларын депутат Азимбек Бекназаров да айтып өттү.
- Ал эми И.Каримов өзүнүн улутташтарына Ошко, Карасууга, Өзгөнгө, Сузакка бар там сатып алгының, кокус ал жерде кош жарандуулук кабыл алынып калса ошол жерде автономия кылып, референдум жарыялаш саясатты кыйладан бери жүргүзүп келатат. Кечээ президент келгенде ойлодум эле, 17 жылдан бери келаткан саясатты сындырып, «Камбарата – 1» менен «Камбарата – 2» ГЭСтерин өзүбүз курабыз, А.Акаев деле «Шамалдысай» менен «Ташкөмүр» ГЭСин курган экен. Эмне үчүн мен «Камбарата» ГЭСтерин кура албаймын, мен да тарыхта эки ГЭС куруп калайын, деп айтат экен деп күткөм. Бирок, тилекке каршы, келди дагы «жок, бербесеңер болбойт», дейт. Премьер-министр бул жерде «башка аргабыз жок, өкмөт куралбайт», дейт. Эмне деген премьер-министр, эмне деген президент! Эмне деген мамлекетпиз. Мына З.Эсенаманов абдан сонун айтып бербедиби. Бир агрегатына 700 миллион доллар деп. Анан андан ары кете берет. Мен билгенден «Ташкөмүр» менен «Шамалдысай» ГЭСтери А.Акаевдин убагында ошентип эле курулган. 17 жылдан бери биздин саясат: сат, сат, сат! Ушул.
«Камбарата – 1 –2» ГЭСтеринин курулушуна чөйчөгүнө 7 миллиард кубометр сыйдырган суу сактагыч проблемасы кошула чыгарын депутат Алмамбет Матубраимов да маалым кылды.
- «Токтогул» суу сактагычында 18 миллиарддан ашуун кубометр суу сактоого, «Камбаратада» 7 миллиарддан ашуун суу сактоого мүмкүнчүлүк болот. Эң негизги маселе эмнеде болуп атат? «Камбарата –2ни» берели, алып курушпайбы. 23 ГЭСтин каалаганын берели, иштетсин, курсун, эч ким жок дебейт.
Кыргызстан коммунисттеринин лидери, депутат Исхак Масалиев болочок гидро курулуштардын жеке колго өтүшүнө түбүнөн каршы экендигин, бул жолго түшүү Кыргызстанды жок кылууга алып бара тургандыгын айтты.
- Энергетика деген бул кантамырдай. Ар бир адамдын үйүнө чейин кирет. Ар бир тармакка кирет. Ким анын ээси болсо ал ошол үйдү башкарат. Менин пикирим боюнча, биздин экономикалык өз алдынчалыгыбызга бул жагынан зыян келтирип коюшубуз мүмкүн.
Иши кылып, кызуу талаш учурунда оголе көп сестүү сөздөр айтылды, Кыргызстан тагдыры опуртал жолдо калганы эскертилди. «Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков бул жерде саясий өңүттөгү маселе эмес, Кыргызстан экономикасынын бүгүнкү, эртеңки тагдыры тууралуу кеп болуп жатканын айтып, ГЭС курулушуна сырттан инвестиция тартууну кечеңдетүүнүн азарын ушу тапта тапта жумушсуз отурган он миңдеген жарандар тартарын, маалынан кечиксе эки ГЭС курулушун тездетүү жөнүндө кеп кылуунун зарылддыгы деле болбой кала тургандыгын белгиледи.
- Саталы деп эч ким айтпайт. «Камбарата 1» менен «Камбарата – 2ни» саталы деген эч ким жок. Инвесторлордун жардамы менен куралы деп жатат. Курганда 51% бизде, Кыргыз Республикасында калсын деп жатат. Калган 49% ким курулушка жетпей жаткан акчаны берсе ошолор ээлесин деп жатат. Бул жерде саталы деп эч ким айткан жок.
Мындан аз илгери Кыргызстан HIPC программасына кириш-кирбеши чоң талкууга айланып, өкмөт менен бейөкмөт уюмдардын, бийлик менен оппозициянын ортодогу оромпоюна айланып, жыйынтыгы «кирбейбиз» менен бүткөн. Ушу тапта өкмөт кантип 80 миллион доллар карызды кайтаруунун амалын ойлонуп отурган кези. Эки ири ГЭСтин тагдыры да ошондой талашка айланып, саясий чайкоочулук менен кызыл кулактыктын ортосунда калууда. Талаштуу маселенин тагдыры чечилерде өкмөт башчы Түркияга дарыланганы кетип, президенттин жаңы мыйзам долбоорун колдоо ниети көрүнбөй туру.