17 жаштагы Мариям дүкөндө жардамчы болуп иштеш үчүн Казакстандан Орусияга келген. Аны алып барган киши Мариямдын ата-энесине 300 АКШ долларын төлөп, кыздын өзүнүн колуна жасалма паспорт карматат. Ал Орусияга келгенде, куралчан кишилер аны терезелери темир тор менен жабылган бөлмөдө кармап, денесин сатып иштөөгө мажбурлашты.
Ал эми украиналык Мара өзү 30 жаштагы аял, эки перзенттин энеси. Италиядан бирөөлөр ага үй кызматкери катары жакшы айлык маянасы менен иш сунуш кылышканда, Мара күйөөсү менен макулдашып, анан Италияга иштегени барууну чечет. Бирок ал келгенден кийин, өзүн сойкукананын башчысы деп тааныштырган киши Мараны бир канча жүз долларга сатып алганын айтып, Мара чоочун кишилерге каршылык көрсөткөндө, аны уруп-сабай баштайт.
Мына ушул эки адамдын баштан өткөргөн окуясы АКШнын Мамдепартаментинин “2007-жылдагы Адам аткезчилиги” деген отчетуна киргизилди. Ал отчет 12-июнда Вашингтондо Мамкатчы Кондолиза Райс тарабынан жарыяланды.
- Биз бул кылмышка жөн эле каршылык көрсөтүп тим болбостон, аны такыр жок кылуу үчүн глобалдык кыймылга жардам берип жатабыз. Адам аткезчилигинин үй-бүлөлөр менен коомдорду бөлүп-жарып жаткан бүгүнкү формасына тартылган мамлекеттердин саны улам өсүп баратат,- деди Кондолиза Райс.
“Адам аткезчилиги” барган сайын чек-арасын кеңейтип, адамдарды бир өлкөдөн экинчисине алып барып, сойкулук же оор жумушта иштетүү үчүн кул катары сатып жатат. Буга кабылгандардын дээрлик 80% аялдар жана жарымынан көбүн жаш балдар түзөт.
Элчи Марк Лагон адам аткезчилигин изилдеп, ага каршы күрөшүү боюнча америкалык уюмду жетектейт.
- Күн сайын дүйнө боюнча адамдарды кулчулукка мажбурлашат, аларды сойкулук үчүн сатышат, үй иштеринде кул катары колдонушат, айыл-чарбада иштетишет, эрезеге жете элек балдарды мыйзамсыз түрдө согушка жиберишет. Адам аткезчилигине кабылгандардын саны өтө эле жогору. АКШнын расмий маалыматына ылайык, жыл сайын 800 миңдей киши эларалык адам аткезчилигинин курмандыгына чалынат, алардын 80 %зы - аялдар. Андан сырткары, жарымын жаш балдар түзөт.
Мамдепартаменттин отчету 164 өлкөдөгү кырдаалды изилдөөгө алат да, ал мамлекеттер Адам аткезчилигинен жабыркагандарды коргоо боюнча АКШнын Актысына канчалык туура келгенин байкап туруп, төрт башка категорияга бөлөт.
Аталган Актыга эч жооп бербеген, аткезчилик менен күрөшүү үчүн эч кандай аракеттерди көрбөй жаткан мамлекеттердин катарына 16 өлкө киргизилди. Алардын ичинде Иран, Өзбекстан, Түндүк Корея бар. Кырдаал өтө эле начар делген ушул жумурияттардын катарына быйыл, алардан сырткары, “АКШнын өнөктөштөрү” деп аталып жүргөн Бахрейн, Кувейт, Оман жана Катар өлкөлөрү да кошулду. Лагондун айтымында, навада бул өлкөлөр 90 күндүн ичинде “кулчулукка каршы олуттуу чараларды” көрүшпөсө, аларга каршы санкциялар жарыяланышы ыктымал.
Ал эми адам аткезчилигине каршы күрөштө колдон келген бүт аракетин көрбөсө да, айрым жылыштар байкалган мамлекеттердин арасында Ооганстан, Азербайжан, Босния, Болгария дагы бир топ европалык мамлекеттер бар. Дал ушул топко Борбор Азиядан Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан да киришти. Булардын катары андан ары Орусия, Беларус, Армения, Украина, Молдова жана Кытай менен толукталды.
Адам аткезчилигине каршы күрөштө көрүп жаткан бүт аракети АКШнын Актысы менен шайкеш келет, башкача айтканда, аябай жакшы ийгиликтерге жетишүүдө дегендердин тизмесинде Чехия, Венгрия, Литва, Польша, Словения жана алгачкы ирет Грузия аталды.
Бирок, эң кызыгы – бул тизмеде Кошмо Штаттары жогоруда аталган конкреттүү бир категорияга киргизилбегендигинде. Ошентсе да, отчетту коомчулукка сунуштаган Марк Лагондун айтымында, анда АКШдагы кырдаал тууралуу кыскача маалымат берилген жана Кошмо Штаттарын адам аткезчилигинде “такыр күнөөсүз” деп айтууга болбой турганы, анткени АКШда жылына 14 жарым миңден 17 жарым миңге чейин адам кулчулукка кабылып жатканын айтылганын билдирди.
Тизмеге Ирак да кошулган эмес. Анткени отчет даярдалып жаткан мезгилде өлкө “саясий өткөөл” мезгилди баштан кечирип жаткан дешет. Булардан сырткары, Түркмөнстандагы абал жөнүндө да кабар жок. Анын кошулбай калганын Мамдепартамент Түркмөнстандагы кырдаал тууралуу маалымат жетишсиз болгону менен түшүндүрдү.