Кыргыз өкмөтү «Ага хан» фондуна мурдагы бийлик тушунда берилген артыкчылыктарды жана кол тийбестикти сактоо зарылдыгын кайра иликтеп чыгуу үчүн жумушчу комиссия түзүп, комиссияга 16-июлга чейинки мөөнөт берди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосунда, премьер министр Алмаз Атамбаев мындай чечимди Экономикалык өнүгүү боюнча Ага Хан фонду менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 2002-жылдын 31-октябрында түзүлгөн макулдашуунун негизинде кабыл алды. Мурдагы макулдашууларда Ага Хан фондуна Кыргызстанда иш жүргүзүүгө бир катар жеңилдиктер берилген. (BuS)