Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

АДМИНИСТРАТИВДИК РЕФОРМА: ОБЛУСТАР КАЛАТ, РАЙОН, АЙЫЛДАР ИРИЛЕШЕТ


2011-жылга чейин жүргүзүлчү административдик реформа облустарды ордунда калтырып, андагы артыкбаш түзүмдөрдүн санын кыскартуу, артынан район, айыл өкмөттөрүн ирилештирүү аркылуу жүргүзүлмөкчү. Алардын баары ишке ашырылгандан кийин дагы бир жооптуу милдет: азыркы төрт баскычтуу башкаруу системасын үч деңгээлге түшүрүү түйшүгү башталмакчы. Быйыл Кыргызстандын кош баскыч бюджети кабыл алынган. Ортодогу район, облустун үч жылдан кийин кимиси калары дагыле бүдөмүк.

Республика, андан соң облус, район, соңунда айыл өкмөтү. Быйыл парламент чыгынып ортодогу артыкбаш түзүмдү жоюп, ордуна жаңы заман талабына ылайык башкаруу системасын түзүү максатында кош баскычтуу бюджетти кабыл алган. Бирок да батыл административдик реформаны калк жакшы аңдабай калышы ыктымал, деп чечкен жумушчу топ азырынча жаңылануунун алгачкы кадамын гана жасоону туура тапкан. Аны комиссия мүчөсү, парламент депутаты Акматбек Келдибеков момундай жагдай менен түшүндүрдү:

- Баарын түп-тамырынан жаңыртууга азырынча батына албайбыз. Себеп дегенде, ага системанын өзү, эл даяр эмес.

Ошол себептүү жогортон төмөн кеткен бийлик ыраатын мурдагы калыбында калтырып, облус менен райондордогу артыкбаш делген, тек үстөл үстүндө жогортон келген буйрук, тапшырмаларды төмөнгө жөнөтүү менен гана чектелген түзүмдөрдү жоюп салуу сунушталууда. Акматбек Келдибековдун айтуусунда, 2010-жылдан тарта чоң жаңылануулар жасалышы керек. Ага чейин өлкө кандай багытта өнүгөрүн Башмыйзамында так аныктап, башкаруунун кайсы формасына көчөрүн тактап алышы ыктымал:

- Непадам, калк парламенттик башкаруу же башка системаны тандап калса, ага ылайык реформанын экинчи этабын өткөрүшүбүз керек. Ошондуктан азыртан областтык структураларды жоюу же кыскартуу керек, десек туура болбой калат.

Дегинкиси текши баарын эле кыскартып ийүү, жоюп салуу туура болбостугун, антиш барып-келип мамлекеттик башкарууга зыянын тийгизерин премьер-министр Алмазбек Атамбаев да ырастады:

- Биздин башкы максатыбыз кандай? 40 район болсо анын 17 калсын, башкаруунун 4 деңгээлинин бирөө же экөө артыкбаш, аны тезирээк кыскарталы деп ат үстүнөн мамиле кылбай, мамлекетти башкарууну жолго коюу максаты турат.

Алмазбек Атамбаев кийинки эки жылда мамлекетти башкаруу маселеси өзгөчө курч коюлуп жатканын белгиледи. Анын ырасташынча, реформа сөзсүз жүргүзүлүшү абзел, бирок ал ырааты менен өлкөнү башкарууга, туруктуулукка доо кетирбегидей жасалышы зарыл. Жаңы реформа үч баскычта жүргүзүлмөкчү.

- Биринчи этабы областтык деңгээлдеги административдик реформа. Облустук башкармалыктардын көбү райондорго берилет. Билесиңер, айрым облустарда андай түзүмдөрдүн саны 75 жетет. Биз аны 10 – 15 чейин азайтабыз. Экинчи этап кыйла оор, аймактарды ирилештирүү, айрым район, айыл өкмөттөрүн кошуу,- деп маалымдады А.Атамбаев.

Реформанын үчүнчү этабы башкаруунун 4 баскычынан 3 баскычына өтүүнү көздөйт. Быйылкы жылга кабыл алынган кош баскычтуу бюджетке каршы келген бул этаптын ишке ашар-ашпасын 2010-жылкы шайлоодон соң бийликке келгендер аныктамакчы. Административдик – аймактык реформаны жүргүзүү долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчи орунбасары Аалы Карашевдин айтуусунда, учурдагы бийликтин мурдагыдай башкара албай калышы жаңылануу зарылдыгын алдыга коюуда:

- Мурдагыдай өктөм башкаруу жарабай калды. Жаңыча башкаруу жакшы жайыла элек. Башкаруунун жогортон төмөн, туура кеткен системасында иштин аткарылышын көзөмөлдөө кыйынга турууда.

Oголе көп аткаминерлер санын кыскартуу, өлкө бюджетине оорчулук келтирбегидей санда башкаруу системасын калтыруу демилгеси кыйла жылдардан бери козголуп, бирок да сөздөн ишке өтүү Кыргызстанда кыйынга туруп келатат.

XS
SM
MD
LG