Америкалык командачылык маалымдагандай жок кылынган согушкерлер ирандагы террористтик топтор менен байланыш бар шекилдүү. Бүгүн таңы менен шииттердин Садр калаасында жүргүзүлгөн рейдде согушкерлерге тиешелүү бир нече автоунаа табылган. Аскерлердин айтымында ал машинелер менен согушкерлер Ирандан курал-жарак ташып турган. Ирактын чиновниктер аталган операцияда 8 адам каза болгонун жана алар согешкерлер эмес катардагы жарандар экенин айтышты. Тегеран Ирактык экстремистер менен байланышы бар экенин толугу менен четке какты.