Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

ТҮШТҮК КОРЕЯ ЭКИ МИҢ КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ ИШКЕ АЛАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамкомитетинин жееткчиси Айгүл Рыскулова эки миң адамды жумуш менен камсыз кылуу багытында Түштүк Корея менен меморандумга кол коюшканын кабарлады. Ал эми айрым байкоочулар эмгекке жарамдуу өлкө атуулдарынын тышка кетип жатышы ички эмгек рыногунда проблемаларды жаратарын айтышууда. Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын беш жүз миңден ашуун атуулу чет мамлекеттерде ар кандай жумуштарда иштешет.

Түштүк Корея өкмөтү 18 жаштан 39 жашка чейинки Кыргызстандын эки миң атуулун кеме курулушунда, текстиль тармагында, айыл чарбасында легалдуу иштетүүгө макулдук беришкен. «Учурда бул боюнча атайын борбор уюштурулуп эмгек мигранттарын жөнөтүүгө даярдыктар көрүлүүдө»,- деп билдирди Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу мамкомитетинин миграция саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Кубенов. Анын айтымында, буга чейин Түштүк Кореядан күч менен чыгарылбаган, соттолбогон атуулдар Корей тилин өздөштүргөндөн кийин атайын тест тапшыргандан кийин ноябрь айында Кореяга жөнөтүлөт.

-Азыр Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети атайын борбор ачып, жумушка жарамдуу 18 жаштан 39 жашка чейинки атуулдарды корей тилинде окутууга, адистиктери боюнча тандоого, кеп-кеңеш берүүгө ылайыкташтырылды. Түштүк Кореяга жумушка баруучулар корей тилин окууда, медициналык текшерүүдөн өтүүдө өздөрү каражат төлөшү керек. Мамлекеттик комитет болсо аларга шарт түзүп берет.

Нурлан Кубенов белгилегендей Түштүк Кореяда Кыргызстандан барган эмгек мигранттары жатакана менен камсыздалып, айлык акылары бир миң долларга чейин жетет.

Айрым байкоочулар болсо Казакстан менен Россиядагы Кыргызстандык көпчүлүк эмгек мигранттарнын укуктары тебеленип, бөлөк жерде кор болуп жатканын айтышууда. Бул багытта Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитети бардык аракеттерди көрүп жатканын аталган комитеттин башчысы Айгүл Рыскулова билдирди.

-Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитети түзүлгөн бир жарым жылдан берки убакытта негизинен эмгек мигранттарынын укугун коргоо багытында алгылыктуу аракеттерди көрүүдө. Буга чейинки келишимдер, сүйлөшүүлөр биринчиден биздин атуулдардын укугун коргоонун негизинде жүргүзүлүп келет. Азыр Россия , Казакстан мамлекеттери менен ал жакта иштеп жүрүшкөн биздин атуулдарга жеңилдиктерди берүү, алардын укугун коргоо тууралуу келишимдерди ишке ашыруу багытында бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Рыскулова ошондой эле эмгекке жарамдуу атуулдардын чет жактарга кетип жатышы жеке адамдардын социалдык маселелерин убактылуу чечүүгө жардам бергени менен барып келип ички эмгек рыногуна терс таасирин тийгизерин белгиледи. Мамлекет жылыга 50 миң адамды иш менен камсыз кылбаса эмгек рыногунда олуттуу көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн деген оюн билдирди Рыскулова.

Ал эми жеке ишкер Бакыт Арыпбеков болсо мамлекет эгемендүүлүккө ээ болгондон берки мезгилде калкты иш менен камсыз кылуу саясаты туура жүргүзүлбөгөндүктөн жумушсуздук кыйла өсүп, эмгекке жарамдуу адамдар башка өлкөлөргө кетип калышканын белгиледи. Анын баамында азыркы өкмөт тез аранын ичинде эмгек мигранттары боюнча туура саясат жүргүзүп, калкты жумуш менен камсыз кылбаса ички эмгек рыногундагы кризис башталып, экономикага терс таасирин тийгизет. Ал белгилегендей учурда алыскы аймактарда медицина, техника тармагында жаш адистердин жетишсиздиги аз келгенсип, курулуш обьектилеринде кран, бульдезор айдаган, темир ширеткен мыкты адистер жокко эсе.

-Мен туризм тармагында эмгектенгем. Азыр бул тармак боюнча мыкты алистерди табуу кыйын. Жеке эле туризм тармагында эле эмес тейлөө тармагында профессионал, азыркы талап менен иштей тургандар жокко эсе. Жылыга миңдеген адамдар сыртка иштеп кетип жатышпайбы. Мындай темп менен жүрүп отурсак эки-үч жылдан кийин жумушка жарамдуу кесипкөй адамдарды табуу мүмкүн болбой калат. Мына Ысыккөлдө туризмди өнүктүрөбүз, көп кабат үйлөрдү, Камбарата ГЭСтерин курабыз деп атат ага адистер керек. Ал эми биздин өкмөт өлкө жарандарын жумуш менен камсыз кылуунун ордуна тескерисинче алардын башка өлкөлөргө кетип калуусуна кызыкдар болуп жатканы кейиштүү.

Ишкердин көз карашында кыргыз бийлиги жергиликтүү жарандарды жумуш менен камсыз кылуу багытында атайын мамлекеттик программа кабыл алып, эмгек маяналарды көбөйтүп чечкиндүү кадамдарга баруусу зарыл.

XS
SM
MD
LG