Луговойдун “Эхо Москва” радиосуна айтышынча, британ тарапта «анын күнөөсүн тастыктаган далилдери жок”. Британ бийликтери Луговойду Орусиянын коопсуздук кызматынын мурдакы офицери Александр Литвиненкону өлтүрүүгө катыштыгы бар деп, өткөрүп берүүнү сураган. Москванын Луговойду берүүдөн баш тартуусу, Орусия-Британия аралык дипломаттык кризиске түрткү берди.