Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

КЫЗЫЛ МЕЧИТТЕГИ КЫРГЫН МУШАРРАФТЫН БИЙЛИГИН АЛСЫРАТТЫБЫ?


Айнура Жекше кызы, Бишкек Исламабаддагы Кызыл мечиттин кайра ачылышы президент Мушаррафтын алдында турган проблемаларды эске салгансыды. Июлдун ортосунда мечитте исламчыл согушкерлер менен коопсуздук күчтөрү ортосунда кандуу тирешүү орун алган эле. Ал аралыкта америкалык мыйзам чыгаруучулар Пакистанга берилип жаткан жардамды Исламабаддын Ал-Кайидага каршы күрөштөгү ийгиликтерине байланыштырууну талап кылышууда.

Кыска мөөнөттүн ичинде эле Пакистанда бир нече олуттуу окуя орун алды. Кызыл мечитке чабуул коюуу жана андан кийинки өч алуу акцияларынан 300дөй киши ажал тапты. Көп узабай Ал-Кайиданын ана башыларынын бири Айман ал-Завахри Пакистандын президенти Первез Мушаррафка каршы Жихад жарялоого үндөдү. Өткөн жумада болсо АКШнын Чалгындоо кызматы пакистандык уруулар отурукташкан тилкеде Ал-Кайида согушкерлери топтошуп, кайра уюшуп жатышканын маалымдады.

Ройтерс агенттиги кабарлагандай, АКШлык мыйзамгерлер Пакистанга берилип жаткан жардамды Исламабаддын Ал-Кайида, талиптер жана башка согушкерлерге каршы күрөштөгү ийгиликтерине байланыштыруу жөнүндө жобо киргизгени жатышат.
Пакистандык журналист жана аналитик Захид Хусайиндин ырастоосунда, Ал-Кайида Пакистанда көп жылдан бери иш алып барат жана сонку кездери аракеттерин күч алдырууда.

- Ал-Кайида менен талиптер Пакистандагы мыйзамсыз согушкер топтордун колдоосу аркылуу кеңейип, күчтүрөөк боло баштады. Президент Первез Мушарраф 2002-жылы куралсыздандырган исламчыл согушкерлер майда топторго бөлүнүп калган. Эми алар Ал-Кайиданын Пакистандагы кенейишине салым кошуп жатышат. Батыш өлкөлөрүнө пландалган айрым кол салуулар идеясы дал Пакистанда жаралган. Кээ бир камакка алуулар болгону менен алардын кол салуу уюштуруу даремети жок кылына элек.

АКШ 2001-жылдын сентябрынан бери Пакистанга жардам иретинде 10 миллиард доллар бөлгөн. Анын ири бөлүгү чегара чөлкөмүндөгү Ал-Кайидачыларга каршы аскерий операциялар үчүн берилген.
Буга байланыштуу айрым аналитиктер АКШнын колдоосу өлкөнү демократиялаштыруунун ордуна Мушаррафтын аскерлер башкарган өкмөтүн күчтөндүрүүгө алып келди дешет.

Ал-Кайиданын ана башы Усама Бин Ладен жөнүндөгү китептин автору Питер Берген президент Буш терроризмге каршы күрөшүүдө Исламабад менен кызматташтыгын кайра карап чыгууга тийиш деп эсепетейт:

- Аскерий эмес башкарууга өтүү керектигин АКШ катуураак эскертиши керек. Буш буга чейин бул маселеге дээрлик үн катпай жүрдү. Администрациядагы калган адамдар Мушаррафты колдошууда, бирок маселе бир адамдан алда канча кененирээк. Вашингтон менен Исламабад уруулар жашаган аймактардагы реконструкция иштерине каражат жумшоо керектигин талкуулап жүрүшөт. Акча туура пайдаланылса, менимче, бул оң иш болот.

Ал АКШнын чалгынчылары Ал-Кайиданын Пакистандагы жетекчилерин жок кылууга багытталган майда операция жүргүзүүнү улантышы мүмкүн деп жоромолдойт. Бирок Пакистан өз аймагындагы телиптерге каршы иш алып барууга тийиш.
Вашингтондогу Жакыңкы Чыгыш институтунун Пакистан боюнча адиси Марвин Вайнбаум болсо Пакистандын аскерлери согушкерлерге каршы урушта бир топ кыйынчылыктарга туш болушууда деп болжолдойт:

- Армиянын уруулар тилкесинде отурукташкан согушкерлерге туруштук берүүгө чамасы жетет деп күмөн санайм. Балким Кызыл мечиттеги окуялардан кийин эл катуу саясатты колдойт. Бирок армия жетиштүү машыккан эмес, жабдыктары жада калса козголончуларга каршы күрөш ийгиликтүү болсун деген дилгирлиги жок.

Берген болсо Британия же АКШда дагы теракттар болсо жана алар Пакистандын сөз болгон аймагында пландалганы аныкталса, анда, албетте, Исламабадка саясий кысым күчөшү ыктымал деп түкшүмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG